Бүгүн «Кумтөрдүн» тагдыры чечилет

Бүгүн «Кумтөрдүн» тагдыры чечилет

Бүгүн, 17-августта дүйнөлүк арбитраж Кумтөр боюнча ишти карайт. Эске салсак, Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларынын банкрот болуусун «уюштуруу» демилгесин көтөрүп, компания АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылуу жолдошкон.

Сот тарабынан көзөмөлдөнгөн бул жараян, башка нерселер менен катар эле, дүйнө жүзүнүн масштабында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компаниге» каршы бардык доолорду автоматтык түрдө убактылуу токтотуп тура алуу күчүнө ээ.

Бирок «Кумтөр Голд Компани» компаниянын банкроттугу боюнча соттун чечимин тааныбай тургандыгын айткан эле.

Жыйынтыгында, компаниянын билдирүүсүнө ылайык, «КГКнын» ишкердиги КРнын мыйзамдарына гана баш ийет. «КГК» төлөөгө жөндөмдүү компания жана жакынкы келечекте Кумтөр кенинин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн товарларды жана тейлөөлөрдү көрсөткөн жеткирүүчүлөрү менен өз убагында эсептешүү боюнча жоопкерчиликтен баш тартпайт. «КГКнын» өзүнүн социалдык милдеттемелерин жана ошондой эле, КРнын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин жана жалданма уюмдардын алдында бардык милдеттерин аткаруусун улантат деп билдирген эле.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтүнө туунду «КГКга» тышкы башкарууну киргизүүгө тыюу салууну жана жакында киргизилген айыптар жана салыктык дооматтар боюнча аны жоопко тартууну сот аркылуу жетүүгө ниеттенүүдө.

Андан тышкары, Centerra Gold Inc. кыргыз тараптан «КГКга» каршы кыргыз өкмөтүнүн иш-аракеттеринин натыйжасында келтирилген чыгымдар жана зыяндар үчүн компенсация алууну көздөөдө.

Буга байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын жанында активисттер ишти адилеттүү карап чыгуу өтүнүчү менен митингге чыгышууда.

Соттун чечимдерин Economist.kg сайты кызыгуу менен карап турат жана жаңылыктарды окурмандары менен бөлүшүп турмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

Мамлекеттик Бажы кызматы эки жүк ташуучу автоунааны мыйзамсыз каттоо фактысын аныктады. Мамлекетке келтирилген 3,1 млн сомдон ашык зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында 2012-жылы чыгарылган “DAF” үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу автоунаанын баштапкы мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.

Баткендеги 28 айыл жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз болот

Баткендеги 28 айыл жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз болот

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Баткен облусунда ишке ашырылып жаткан ичүүчү суу долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы жылдары 28 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк

Ошто Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү жабылат

Ошто Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү жабылат

Ошто У. Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, У. Рахманов көчөсүндө узундугу 1200 метрди түзгөн төрт тилкелүү жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 7-июлдан тартып У. Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Ош шаардык мэриясы

Таласта документтери жок курулуш жүргүзгөн ишкер 200 миң сом айыпка жыгылды

Таласта документтери жок курулуш жүргүзгөн ишкер 200 миң сом айыпка жыгылды

Талас облусундагы "Маржан Апа" эс алуу борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн жеке ишкерге 200 миң сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы Айтматов районунун Кара-Сай айылындагы "Маржан Апа"