«Кыргызалтын» өзүнө коюлган айыптарды четке какты

«Кыргызалтын» өзүнө коюлган айыптарды четке какты

Институционалдык деңгээлдеги финансылык кызматтарды көрсөтүүчү StoneX Group Inc. америкалык корпорациясы «Кыргызалтын» ААКсына каршы 1 млн доллардан ашуун доо арыз менен Лондон сотуна кайрылган. Арызды Лондондогу алтын рыногун жөнгө салуучу изилдөөдө, эгер мыйзам бузуулар табылса, «Кыргызалтын» эл аралык алтын рынокторуна кире албай калуу коркунучу бар. Бул айыптоолорго кечээ, 16-августта «Кыргызалтын» макул эместигин билдирди.

«Кыргызалтын» ААК ар дайым белгилүү болгон аты жана ишкердик аброю бар, мыйзамды сыйлаган акционердик коом болгон жана болуп саналат деп айтылат билдирүүдө.

«Сenterra Gold Inc. билдиргенине караганда, 12-майда «Кыргызалтын» ААКсы үчүнчү жакка жөнөтүлгөн жасалма төлөм тапшырыгы аркылуу уруксатсыз банк эсебине 29 млн долларды которууга аракет кылган. «Кыргызалтын» ААКсы 2021-жылдын 12-майында жана кийинки күндөрү төлөм документтерин жана «алтын операцияларына» байланышкан операцияларды жүргүзбөгөндүгүн, андай жасалма төлөм документтерин колдонбогондугун тастыктайт жана бул маалыматтарды каалаган көз карандысыз аудитордук компания тарабынан текшерүүгө болот», – деп айтылат жарыяда.

Эске салсак, The Wall Street Journal басылмасынын макаласында Кумтөр кенин кыргыз бийлиги көзөмөлгө алганда, мамлекеттик аффинаждык компания StoneX ишканасына алтын ташууну үзгүлтүккө учуратып, 29 млн долларга жакын акчаны кармап калууга аракет кылган деп айтылат. Ошондой эле «Кыргызалтын» трейдерге Well Fargo эсебине акча которуу талабы менен эсеп-фактурасын жөнөткөн, ал болсо, Wells Fargo & Co атынын туура эмес жазылышы болгон.

«Кыргызалтын» ААКсы менен StoneX ортосундагы жеткирүү боюнча кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү макулдашканда, алар дайыма кабарлоо мүнөзүндө болгон. Адатта, мындай кырдаалда StoneXтин кызматкерлери айрым маселелерди чечүү үчүн «Кыргызалтын» ААК менен байланышчу, бирок биз төлөмдөрдүн чоо-жайындагы өзгөрүүлөр жөнүндө 2021-жылдын 21-майында ММКдан билдик жана дагы бир нече жолу «Кыргызалтындын» өзгөртүлгөн деп айтылып жаткан төлөм тапшырмасына кол койбогондугун айтабыз. Буга ишкананын эч кандай байланышы жок деп айтылат ата мекендик ишкананын жарыясында.

Алтынды жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашына байланыштуу, StoneX компаниясына форс-мажордук кырдаал тууралуу билдирүү жөнөткөн, анткени «Кыргызалтындын» алтынды экспорттоого лицензиясы токтотулган. Натыйжада, StoneX сатып алуучусу тарабынан «Кыргызалтын» ААКнын банк алдындагы милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн эмес болуп калды деп айтылат билдирүүдө.

«Кыргызалтындын» жогоруда аталган айыптоолорго макул эместигин, ишкананын юристтери компаниянын кызыкчылыгын коргой тургандыгын жана бул маселе жакын арада чечилет деп үмүттөнүшкөнүн билдирди.

Эгерде ассоциация «Кыргызалтынга» каршы бир нерсе тапса, анда компания рынокко кирчү ишенимдүү аффинаждык ишканалар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн. Бул анын эл аралык алтын базарларында соода кылуусуна тоскоол боло турган сейрек кадам деп айтылат The Wall Street Journal басылмасынын макаласында.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүндө Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты. Реконструкцияланган көчө 49-көчө менен кесилишип,

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда автокран оодарылып кеткен окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 7-май күнү Матыев көчөсү 21 жана 21/2 дарегинде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда болгон. Автокран өндүрүштүк

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо