Президентке Digital CASA долбоорyндагы коррупция тууралуу айттым, – Чекирбаев

Президентке Digital CASA долбоорyндагы коррупция тууралуу айттым, – Чекирбаев

Мурдагы мамлекеттик кызматкер Уран Чекирбаев президенттик аппараттын бөлүм башчысы кызматынан кеткенден кийин, ал муну кесиптештеринин  Digital CASA долбоору боюнча опузалоо аракеттерин ачык жарыялагандыгы менен түшүндүргөн болчу. Бул тууралуу Чекирбаев өзүнүн фейсбук баракчасына жазган эле. Андан көп өтпөй президент кабыл алууга чакырганын кабарлаган. Кечээ, 16-августта ал президенттин кабыл алуусунда болгонун, 40 мүнөттөй убакытта өлкөдөгү маселелер тууралуу айтканын билдирген.

Анын айтымында, ал президентке Digital CASA маселеси кандай болгонун, «Кыргызтелекомдогу» көйгөй, Санариптештирүү тармагындагы мамлекеттик ишканалардын маселеси, «Тундук ишканасы» боюнча, Жогорку технологиялар паркы боюнча көйгөйдү, Экология тармагындагы жумушсуз калган 38 кызматкердин келечеги, Минфин менен Минэкономиканы бөлүү сунушун, Кабмин менен президенттин Аппаратын бөлүү тууралуу, таза суу жана ирригациядагы маселелер, анын ичинен Балыкчы жана Караколдогу саркынды сууну тазалоо долбоорунун жай жылышы жана АБР тарабынын долбоорду жабуу тобокелдиги, мамлекеттик кызматкерлерди 30 пайыз кыскартуудагы кадр маселеси, жумуш орундарын түзүү программасын иштеп чыгуу зарылчылыгы, президенттин алдында долбоорлорду ишке ашыруу сунушу жана бир канча маселелр тууралуу кабарлаган.

«Президент бардык айтканымды кунт коюп, керектуу жерлерди жазып алды. Бирок мен тууралуу эч кандай чечимди айтпады», – деп жазды Чекиров.

Эске салсак ал, өзүнүн фейсбук баракчасында аталган долбоор тууралуу:

«Көптөр эмне үчүн жумушуңдан кеттиң деп сурап жатышат. Негизги себеби – менин Президенттик Администрацияда менин кесиптештерим, тактап айтканда, санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчылары Муканов (мурдагы) жана Байтереков (азыркы) Digital CASA долбоорунун тендеринин жеңүүчүсүнөн 300 миң доллар опузалап алуу аракетин кылганын ачык айттым», – деген эле ал.

Мындан тышкары окуңуз

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

Мамлекеттик Бажы кызматы эки жүк ташуучу автоунааны мыйзамсыз каттоо фактысын аныктады. Мамлекетке келтирилген 3,1 млн сомдон ашык зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында 2012-жылы чыгарылган “DAF” үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу автоунаанын баштапкы мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.

Баткендеги 28 айыл жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз болот

Баткендеги 28 айыл жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз болот

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Баткен облусунда ишке ашырылып жаткан ичүүчү суу долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы жылдары 28 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк

Ошто Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү жабылат

Ошто Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү жабылат

Ошто У. Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, У. Рахманов көчөсүндө узундугу 1200 метрди түзгөн төрт тилкелүү жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 7-июлдан тартып У. Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Ош шаардык мэриясы

Таласта документтери жок курулуш жүргүзгөн ишкер 200 миң сом айыпка жыгылды

Таласта документтери жок курулуш жүргүзгөн ишкер 200 миң сом айыпка жыгылды

Талас облусундагы "Маржан Апа" эс алуу борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн жеке ишкерге 200 миң сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы Айтматов районунун Кара-Сай айылындагы "Маржан Апа"