ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен КРда азык-түлүктүн баасы эң жогору болду

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен КРда азык-түлүктүн баасы эң жогору болду

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен июль айындагы азык-түлүккө болгон эң жогору баа КРда катталган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

2021-жылдын июль айында, 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда катталган азык-түлүк товарларына баанын жогорулашы (9.8%га), Казакстанда (7.3%га) жана Беларусияда (5.7%га) байкалган.

ЕАЭБ боюнча товарларга жана кызматтарга керектөө бааларынын индекси 2021-жылдын июлунда өткөн июнь айына салыштырмалуу 100.3%ды түздү.

Керектөө бааларынын өсүшү негизинен азык-түлүк эмес товарларга (0.7%га) жана акы төлөнүүчү кызматтарга (0.8%га) өсүшүнүн эсебинен болду.

2020-жылдын декабрына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча баалар жалпысынан 4.7%га жогорулады. Эң аз өсүштү Армения (3.3%) жана Россия (4.5%) көрсөттү.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталды

Ошто 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталды

Акыйкатчы Институтунун текшерүүсүнөн кийин Ош шаардык мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда атайын мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы Институтунан билдиришти. Белгилей кетсек, Акыйкатчынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкерлери март-апрель айларында окуучулардын укуктарынын сакталышын текшерүү максатында үч шаардык мектепте мониторинг жүргүзүшкөн.

МИК: Аймактарда үйдү 30% баштапкы төлөм менен алууга болот

МИК: Аймактарда үйдү 30% баштапкы төлөм менен алууга болот

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек жана Ош шаарларынан тышкаркы аймактардын тургундары үчүн турак жай сатып алуунун жаңы жеңилдетилген механизмин ишке киргизди. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, жаңы механизм республиканын бардык аймактарында жашаган жарандар үчүн иштелип чыккан. Ал Бишкек жана Ош шаарларына жайылтылбайт. Жаңы шарттарга ылайык, турак жайдын баасынын 30%ы баштапкы

Баткендин чек ара тозотунан 20дан ашык кызматкер кармалганы маалымдалды

Баткендин чек ара тозотунан 20дан ашык кызматкер кармалганы маалымдалды

Баткен облусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери “Кадамжай-автодорожный” жана “Чечме-автодорожный” өткөрүү тозотунда атайын ыкчам аракеттерди жүргүзүшкөн.  Бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазган маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын, Бажы жана Ветеринардык кызматтын кызматкерлери, жалпы 20дан ашык адам кармалган. Ыкчам иликтөө иш-чаралары коррупцияга каршы жүргүзүлгөн. Бул окуя

Эки суур аткан жаранга 10 миң сом айып пул салынды

Эки суур аткан жаранга 10 миң сом айып пул салынды

Панфилов жана Жайыл райондорунун токой чарба кызматкерлери кызматтык рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык фактысын аныкташты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдиришти. Маалыматка ылайык, Корумду жайлоосу аймагында бир жаран мыйзамсыз түрдө 2 суурду атканы аныкталып, ага карата протокол түзүлдү. Натыйжада, жаранга 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул