ЕЭКнын Коллегиясынын төрагасы Чолпон-Атага келди

Коллегиянын төрагасы Михаил Мясникович башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Чолпон-Атага келди. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

19-20-августта Ысык-Көл жергесинде өтүүчү «ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» деп аталган III кыргыз-орус бизнес форумуна, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна президент Садыр Жапаров да катышат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын, ЕАЭБдин байкоочу мамлекеттеринин – Кубанын жана Өзбекстандын катышуусу менен өткөрүлөт.  

Жыйынга Өзбекстандын өкмөтүнүн башчысы Абдулла Арипов жана Куба Республикасынын РФгы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Евразия экономикалык комиссиясындагы Кубанын ыйгарым укуктуу өкүлү Хулио Антонио Гармендиа Пенья да катышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды