Кыргыз фондулук биржасы Санкт-Петербург товардык биржасы менен келишимге кол койду

Кыргыз фондулук биржасы Санкт-Петербург товардык биржасы менен келишимге кол койду

Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) Санкт-Петербург эл аралык товардык биржасы («СПбМТСБ») менен технологиялык жана маркетингдик кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан III Кыргыз-Орус бизнес форумунун алкагында белгилүү болду. 

Документке кыргыз тараптын атынан – КФБнын президенти Медет Назаралиев, орус тараптан – «СПбМТСБ» президенти Алексей Рыбников кол койду.

«Документтин негизги максаты – Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун ишкерлеринин ортосундагы биржалык соода тармагындагы кызматташуунун жаңы формаларын колдонуу менен ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүү. Ушул максатта биз технологиялык жана маркетингдик иш-чараларды жакшыртуу, ошондой эле ЕАЭБдеги товардык рыноктун экономикалык потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешип иштөө ниетибиз бар», – деди Назаралиев.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен соода-экономикалык маселелерди талкуулады

Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен соода-экономикалык маселелерди талкуулады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Президенттик админстрациянынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, жолугушуу "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында өттү. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлде активдүү саясий диалог жүргүзүлүп жатканын, соода-экономикалык

Манас районунда дан эгиндерин жыйнай башташты

Манас районунда дан эгиндерин жыйнай башташты

Талас облусунун Манас районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл жалпы 1 950 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Адистердин айтымында, учурда орточо түшүмдүүлүк гектарынан 30–40 центнерди түзүүдө. Бул көрсөткүч

Таласта эрте бышуучу картошка гектарынан 300 центнерден түшүм берүүдө

Таласта эрте бышуучу картошка гектарынан 300 центнерден түшүм берүүдө

Талас облусунун Манас районунда эрте бышуучу "Актрис" сортундагы картошканы жыйноо башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган сорт район боюнча 550 гектар аянтка отургузулган. Учурда анын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 300 центнерди түзүүдө. Азыркы тапта дыйкандар картошканы дүңүнөн 30–

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында мектеп жетишсиздиги жаралган райондордо жана жаңы конуштарда билим берүү мекемелери