Түрк кеңешинин биринчи Жаш ишкерлер форуму сентябрда Ташкентте өтөт

Түрк кеңешинин биринчи Жаш ишкерлер форуму сентябрда Ташкентте өтөт

Түрк кеңешинин Биринчи Жаш ишкерлер форуму 2021-жылдын 19-22-сентябрында Ташкент шаарында өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын делегациясын Соода-өнөр жай палатасы, Экономика министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги түзүүдө.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин маалыматында, форумга 200го жакын адам, анын ичинде ар бир өлкөдөн 18ден жаш ишкерлер катышат. Алар негизги 6 тармакты: агробизнес, IT-стартап, туризм, жеңил өнөр-жай (текстиль/тигүү), тамак-аш өнөр жайы жана маркетингди тааныштырат.

КРнын делегациясына ар бир тармактан үчтөн жаш ишкерлер киргизилет. Мындан тышкары, Форумдун алкагында 20-сентябрда Түрк кеңешинин Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлердин 5-жолугушуусун уюштуруу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында мектеп жетишсиздиги жаралган райондордо жана жаңы конуштарда билим берүү мекемелери

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

5-июлда саат 16:00дөр чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 121-122-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жолдун бир тарабы убактылуу жабылган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, саат 18:00гө карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери толук жүргүзүлүп, жолго түшкөн

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликтин карамагындагы мекмелерге жана илимий мекемелерге жаңы кызматтык жеңил унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Жалпысынан 12 жаңы кызматтык

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

3-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суу алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган. ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен