Экономиканын финансы тармагындагы уюмдардын пайдасы 1.7 эсеге өстү

Экономиканын финансы тармагындагы уюмдардын пайдасы 1.7 эсеге өстү

2021-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 27%га көбөйүү менен 30.5 миллиардга жакын сомду түздү, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 20.2 млрд сомду түздү жана 13.5%га өстү.

2021-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда 602 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 564 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүзгөн.

2021-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 63%ы пайда алышты, ал эми 18%ы – чыгаша алды. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 10.3 млрд сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1.7 эсе көп. Пайданын өсүшү, Улуттук банктын кирешелеринин көбөйүшү менен шартталган.

2021-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 201.3 млрд сомду түздү.

Банктык секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86.3%ы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна – 13.7%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 25%ы), айыл чарба (21%ы), керектөө муктаждыктары (14%ы), ипотека (9%ы) жана курулуш (8%ы) болуп саналды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында мектеп жетишсиздиги жаралган райондордо жана жаңы конуштарда билим берүү мекемелери

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

5-июлда саат 16:00дөр чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 121-122-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жолдун бир тарабы убактылуу жабылган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, саат 18:00гө карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери толук жүргүзүлүп, жолго түшкөн

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликтин карамагындагы мекмелерге жана илимий мекемелерге жаңы кызматтык жеңил унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Жалпысынан 12 жаңы кызматтык

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

3-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суу алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган. ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен