Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынында кандай документтерге кол коюлду? – тизме

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынында кандай документтерге кол коюлду? – тизме

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19-20-августта өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Жыйындын катышучулары тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • «Товарларды ташып чыгууда белгиленген бир тараптуу тарифтик эмес чараларды, ошондой эле ташып чыгуучу бажы алымдарын жакындаштыруу жөнүндө» маселеси алкагындагы тапшырма 
  • «Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өз-ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоого алуу чаралары жөнүндө» буйрук
  • «Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы № 63 Чечиминин күчүнө кирүүсү жөнүндө» чечим
  • «Шайкештикти баалоо жаатында аккредитациялоо боюнча Евразиялык (аймактык) уюмду түзүү жөнүндө» тапшырма
  • «Евразиялык экономикалык биримдигинин жана үчүнчү өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрү үчүн Казакстан Республикасында айыл чарба техникасын жана жабдууларын сатып алуу программасына катышуу үчүн бирдей шарттарды камсыздоо жөнүндө» буйрук
  • «Климаттык күн тартибинин алкагында Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин көз караштарын жакындаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жогорку деңгээлдеги жумушчу топту түзүү жөнүндө» буйрук 
  • «Автоматташтырылган чектеш соода-эсептик интеграциялашкан тутуму (АТТИС) долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» тапшырма
  • «Евразиялык экономикалык биримдиктин ички рыногундагы 2021 – 2022-жылдарга алып салуулар жана чектөөлөр тизими тууралуу» буйрук
  • «Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын эсепке киргизүү жана бөлүштүрүү жөнүндө» буйрук 
  • «2020-жылы Евразиялык экономикалык комиссиянын чечим долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоону жүргүзүү мониторниги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиянын ар жылкы отчету тууралуу» буйрук 
  • «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги №2 Чечиминин 3-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» чечим 
  • «Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин 2021 – 2023-жылдарга координацияланган (макулдашылган) Транспорттук саясатын ишке ашыруунун негизги багыттары жана баскычтарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы («жол картасы») жөнүндө» буйрук
  • «Евразиялык экономикалык биримдик алкагында органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча  иш-чаралар планы («жол картасы») жөнүндө» буйрук
  • «Евразиялык экономикалык биримдиги жана ага мүчө мамлекеттер бир тараптан жана Кытай Эл Республикасы экинчи тараптпн соода-экономикалык өз-ара кызматташтыкты өнүктүрүү кызыкчылыганда темир жол жүк ташууларын санариптештирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы жөнүндө» буйрук
  • «Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык келишимдерди, үчүнчү мамлекеттер, алардын интеграциялык бирикмелери жана эл аралык уюмдар менен түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык келишимдерин, Евразия экономикалык биримдигинин органдарынын чечимдерин Расмий жарыялоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында мектеп жетишсиздиги жаралган райондордо жана жаңы конуштарда билим берүү мекемелери

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

5-июлда саат 16:00дөр чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 121-122-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жолдун бир тарабы убактылуу жабылган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, саат 18:00гө карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери толук жүргүзүлүп, жолго түшкөн

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликтин карамагындагы мекмелерге жана илимий мекемелерге жаңы кызматтык жеңил унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Жалпысынан 12 жаңы кызматтык

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

3-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суу алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган. ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен