Кыргызстанда микрокредит алуучулардын саны 14%га кыскарды

Кыргызстанда микрокредит алуучулардын саны 14%га кыскарды

Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 14%га азайды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү, тескерисинче, 10%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстатком маалымдады.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 17.7 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 329 миң адамды түздү.

I жарым жылдыкта калкка берилген микрокредиттер

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22%ы), Бишкек ш. (17%дан ашыгы), Жалал-Абад жана Чүй (14%дан) облустарынын алуучуларына берилген.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгү (33%ы) – айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды, 32%ы – керектөөчүлүк муктаждыктарга, 11%ы – соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 7.5%ы – курулушка берилген.

2021-жылдын I жарым жылдыгында калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында мектеп жетишсиздиги жаралган райондордо жана жаңы конуштарда билим берүү мекемелери

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

5-июлда саат 16:00дөр чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 121-122-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жолдун бир тарабы убактылуу жабылган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, саат 18:00гө карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери толук жүргүзүлүп, жолго түшкөн

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликтин карамагындагы мекмелерге жана илимий мекемелерге жаңы кызматтык жеңил унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Жалпысынан 12 жаңы кызматтык

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

3-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суу алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган. ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен