Турак-жай салыктарын кимдер төлөйт? Канча чарчы метрден ашса төлөнөт? – жооп

Турак-жай салыктарын кимдер төлөйт? Канча чарчы метрден ашса төлөнөт? – жооп

Турак-жай, авто унаа мүлктөрүнүн жана жер тилкелеринин ээлери 1-сентябрга чейин салыктарды төлөп бүтүш керек. Ага эс алуу күндөрдү алып салганда 5 эле күн калды. Буга чейин мамлекеттик Салык кызматы эртерээк төлөөнү эскерткен болчу.

Бул салыктар кандай шарттар менен төлөнөт? Кимдер төлөйт? Турак-жай салыгы канча м2 ашканда төлөнөт? Бул суроолорго КРнын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын салыктык эмес төлөмдөр жана жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн улук инспектору Өзөрбек Молдобаевдин «ЭлТР» телеканалына берген маегинен маанилүү жоопторун беребиз.

Салыктар

Бул салыктар аты айтып тургандай, жергиликтүү салык болуп эсептелет. Анткени унаа, турак-жай кайсы жерде катталса, салык ошол райондун  бюджетине түшөт. Салыктар 4 топко бөлүнөт:

  1. Турак-жай, батирлер, дачалар, жашаганга багытталган үйлөргө салык
  2. Административдик, стационардык курулуштар ж.б.у.с.
  3. Убактылуу пайдаланылган жайлар, мисалы, павильондор
  4. Авто унаа

Турак-жай жана жер салыктары

КРнын аймагында менчигинде катталган турак-жайы бар жеке жактар, ишканалар салык төлөөчүлөр болуп эсептелет. Андан сырткары, короо жай астындагы жер салыгы КРгы үй курулуштарына багытталган жерлерге да төлөнөт, бирок ар бирине эле төлөнө бербейт.

  • Турак-жай. Менчигинде үйү болсо эле төлөй бербейт. Салык кодексинде ар бир жаранга жеңилдик каралган. Мисалы, 150 чарчы метрге чейинки жер үйлөргө жеңилдик каралган, ал эми батирлерге 80 м2 ылдый болсо жеңилдик берилет. Мисалы, батириңиздин аянты 90 м2 болсо, анда 80ге чейинкисине төлөбөйсүз, калган 10 метрине төлөйсүз. Жер үйдө деле ошондой, 150 м2 ашса, калган ошол ашкан м2 үчүн төлөнөт.
  • Бирок бул аймактарда башкача. Бул ал жердеги элдин жыштыгына, жайгашканына жараша болот. Мисалы, Бишкектин Аламүдүн районундагы Маевка айылын алалы. Ал жердеги 300 м2 аянтындагы жер үйлөргө жеңилдик берилген. Эгерде аянты 300 м2 ашса, ошол ашкан аянт үчүн төлөйт. Канча элдин саны аз болгон сайын жеңилдиктер көбөйө берет.
  • Салык экономикалык аймагына жараша да белгиленет. Чарчы метрлер баасына карабайт, зоналдык коэффициент деген бар, ал үйдүн жайгашкан аймагына карап аныкталат. Борбордо коэффициент чоңураак, чет жактарда бир аз азыраак болот.
  • Жер салыгы аймактык өзгөчөлүктөргө жараша да бөлүнөт. Мисалы, Бишкек, Ош шаарларында чарчы метрине салык ставкасы 1.5 сом. Ал эми Талас, Жалал-Абад, Кара-Балта сыяктуу шаарларда 1 сом. Бирок шаарга да айылга да кирбеген шаар тибиндегилерге 50 тыйын. Калган айылдардын баарында 10 тыйын. Мисалы, Сокулукта 5 сотых жериңиз болсо, ал 500 чарчы метрди  салык ставкасына 10 тыйындан көбөйтсөк, 50 сом болот. Анан буга зоналдык коэффициент кошулат. Эгерде борбор болсо анын зоналдык коэффициенти өйдөрөөк болот, жайгашкан экономикалык зонасына байланыштуу. Ал, 0.8-1 болуп өзгөрө берет.
  • Зоналдык коэффициенттин өлчөмүн айылдык кеңештер, райондук башкармалык бекитет. Анткени алар райондун административдик жерлердин өзгөчөлүктөрүн жакшы билишет. Мисалы, кайсы жерде эгин жакшы өсөт, ишкердик жүргүзүүгө болот деген сыяктуу критерийлер менен аныкталат. Алар бекитишкен коэффициент боюнча биз салыкты чыгарабыз. Экономикалык абалы начар аймактарда салыктык ставка 0.6га чейин тушөт.

Салыктарды төлөө убактысы

Жер салыгын төлөөгө 1-январдан баштап 1-сентябрга чейин 8 ай убакыт берилет. Бул бир жылда бир төлөнчү салык, жарандар бул салыкты бөлүп төлөйбү же бир төлөйбү, ушул 8 айдын ичинде төлөп бүтүш керек. Статистикага карасак, былтыркы 7 айда турак-жай алдындагы жер салыгы 80.5 млн сом чогулган, быйылкы 7 айда 110.2 млн сом болду. Бул салык төлөөчүлөр 2-3 күн калганда эмес, эртерээк төлөп башташты дегенди же болбосо, салык төлөө маданияты жогорулап жатат дегенди билдирет.  

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынат. 

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында мектеп жетишсиздиги жаралган райондордо жана жаңы конуштарда билим берүү мекемелери

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

5-июлда саат 16:00дөр чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 121-122-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жолдун бир тарабы убактылуу жабылган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, саат 18:00гө карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери толук жүргүзүлүп, жолго түшкөн

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликтин карамагындагы мекмелерге жана илимий мекемелерге жаңы кызматтык жеңил унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Жалпысынан 12 жаңы кызматтык

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

3-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суу алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган. ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен