Бүгүн, эртең салыктарды төлөөнүн акыркы күндөрү – Салык кызматы эскертет

Бүгүн, эртең салыктарды төлөөнүн акыркы күндөрү – Салык кызматы эскертет

Бүгүн, 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экендигин Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Мындан тышкары, эртен, 2-сентябрда турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жетише элек жарандарды төлөө мөөнөттөрү аяктаганга чейин салыктарды төлөөгө чакырат.

Турак-жай салыктарын кимдер төлөйт? Канча чарчы метрден ашса төлөнөт? Алар тууралуу бул шилтемеден окусаңыз болот.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот. Кененирээк маалыматты 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 100 орундуу бала бакчанын кошумча корпусу курулууда

Бишкекте 100 орундуу бала бакчанын кошумча корпусу курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Мозырская көчөсүндө жайгашкан №131 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Долбоорго ылайык, жаңы корпус 100 орунга ылайыкталган жана заманбап талаптарга жооп берген шарттарда курулууда. Имаратта тарбиялануучулар жана кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген

Чүй өрөөнүндө жер титирөө катталды

Чүй өрөөнүндө жер титирөө катталды

4–5-июлда Кыргызстанда эки жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка караганда, 4-июлда таңкы саат 05:40та 4,5 баллдык жер титирөө катталган. Анын очогу Моюнкум кумдары аймагында болуп, Кыргызстандагы калктуу конуштарда сезилген эмес. Ал эми 5-июлда саат 06:50дө 3,

Накталай жол кире акысын алган айдоочулар иштен кетти. Мэриянын жаңы эрежеси мыйзамга шайкеш келеби?

Накталай жол кире акысын алган айдоочулар иштен кетти. Мэриянын жаңы эрежеси мыйзамга шайкеш келеби?

2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык автобустарда жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынган. Бирок бул талапка карабастан, айрым жүргүнчүлөр жол акысын накталай төлөп, айдоочулар да аны кабыл алган учурлар катталууда. Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, жол кирени төлөө тартибин көзөмөлдөө максатында күн сайын рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жарым жылда Ысык-Көлдөн 905 кг таштанды чыгарылды

Жарым жылда Ысык-Көлдөн 905 кг таштанды чыгарылды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө боюнча суулардан 86 миң 550 метр синтетикалык тор жана 1 миң 655 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Жүргүзүлгөн 160 рейддин жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары боюнча жалпысынан 953 миң сомдон ашык доо коюлуп, 320 миң 500 сом