Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы – Садыр Жапаров кандай убадаларды берди?

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы – Садыр Жапаров кандай убадаларды берди?

Кечээ, 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чарада президент Садыр Жапаров кыргыз элин куттуктап жатып, бир канча убадаларды берди. Economist.kg президенттин ар бир убадасын келтирет.

Келечектүү жана эркин бизнес чөйрөсү түзүлөт

Президенттин айткан сөзүнө таянсак, алдыдагы беш жылга карата мамлекеттик саясат заманбап, өнүккөн Кыргызстанды курууга, жарандардын өлкөгө болгон ишенимин, биримдигин, элдин чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле жашоо сапатын жакшыртууга жана адамдардын укуктарын коргоого багытталат.

Ошондой эле ал өлкөнүн тагдырын аныктай турган келечектүү жана эркин бизнес чөйрөсүн түзүүгө багытталган долбоорлор жана программалар ишке ашырыларын убада кылды.

17 млрд сомдон башталган турукташтыруу фонду түзүлөт

Жапаров президенттике келгенде бюджет бош болгонун, резервде бир тыйын да калбаганын жана олуттуу экономикалык кыйынчылык учурунда ал абалды турукташтыра алганын айтты. «Эгерде өткөн жылы Кыргызстан бюджетти жабуу үчүн 350 млн доллар карыз алган болсо, быйыл биз бир да тыйын карыз албастан, абалды жакшырта алдык», – деп кошумчалады ал.

«Биз финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, кечиктирилгис чараларды ишке ашыруу жана келечек муундар үчүн жаркын келечекти камсыз кылуу үчүн турукташтыруу фондун түзүүгө даярданып жатабыз. Биздин жакынкы максатыбыз – бул фондго кеминде 17 млрд сом топтоо», – деди президент.

Бизнес каржылык жактан колдоо алат

Мамлекет башчысы пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн чакан жана орто бизнеске каржылык жардам көрсөтүү максатында пландар иштелип чыкканын билдирди. Пайызсыз финансылык жардам көрсөтүү үчүн 6 млрд сом бөлүү пландалууда.

Мындан тышкары, чакан жана орто бизнеске коммерциялык банктардан кредит алууга 24 млн долларлык кепилдик фонду түзүлөт.

Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү азайтылып, жаңы салык системасы ишке кирет.

Көмүскө экономикадан чыгуу үчүн Жапаров чакан жана орто бизнеске мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын төмөндөтүүнү убада кылды.

15 жумушчу орунду түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн 17%дан 4%га чейин түшүрүүнү убада кылды.

Анын айтымында, министрлер кабинети тиешелүү жарлыктарды жана токтомдорду даярдап жатат. Президент ошондой эле салык жаатында чоң өзгөрүүлөрдү убада кылды. Анын айтымында, ишкерлер жаңы жылдан баштап салыктын бир нече түрүн төлөөнүн ордуна бир гана салык түрүн төлөшөт.

Жөлөк пулдардын жана пенсиялардын өлчөмү көбөйөт

Мамлекет башчы ден соолугунун айынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн октябрь айынан тарта 4 миң сомдон 6 миң сомго, кийинки жылдан баштап 8 миң сомго чейин көбөйтүүнү убада кылды. Мындан тышкары, анын айтымында, 2022-жылдын 1-январынан тартып ата-энесинен тең ажыраган балдар үчүн социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн үч эсеге көбөйтүү пландалып жатканын билдирди.

Ошондой эле, ушул жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланаарын кошумчалады.

Чоң жана кичине ГЭСтер, авиахабдар, транспорт жана логистикалык борборлор ачылат

Президент Кыргызстандын энергетикалык потенциалын колдонуу максатында чоң жана кичи ГЭСтердин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, планга абада жүк ташуучу хабдарды түзүү, эл аралык «Манас», «Тамчы», «Баткен» жана «Ош» аэропортторунун потенциалын жогорулатуу үчүн соода-логистикалык комплекстерди куруу кирээрин белгиледи.

«Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн инструменттери аркылуу ири объекттердин ишке берилиши, инвестициялык фонддордун тез түзүлүшү жана ишке кириши экономиканы калыбына келтирүүгө салым кошот деп үмүттөнөбүз. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомдору жана чечимдери даярдалып жатат», – деп ишендирди президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле чек ара аймактарын бекемдөө, куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, эл аралык кызматташтык жана санариптештирүү маселелерине да токтолду.

Сөзүнүн аягында ал жакынкы беш жылда Кыргызстандын ар бир жараны «сапаттуу билим алуу жана татыктуу жашоо» менен камсыз болооруна ишендирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 100 орундуу бала бакчанын кошумча корпусу курулууда

Бишкекте 100 орундуу бала бакчанын кошумча корпусу курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Мозырская көчөсүндө жайгашкан №131 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Долбоорго ылайык, жаңы корпус 100 орунга ылайыкталган жана заманбап талаптарга жооп берген шарттарда курулууда. Имаратта тарбиялануучулар жана кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген

Чүй өрөөнүндө жер титирөө катталды

Чүй өрөөнүндө жер титирөө катталды

4–5-июлда Кыргызстанда эки жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка караганда, 4-июлда таңкы саат 05:40та 4,5 баллдык жер титирөө катталган. Анын очогу Моюнкум кумдары аймагында болуп, Кыргызстандагы калктуу конуштарда сезилген эмес. Ал эми 5-июлда саат 06:50дө 3,

Накталай жол кире акысын алган айдоочулар иштен кетти. Мэриянын жаңы эрежеси мыйзамга шайкеш келеби?

Накталай жол кире акысын алган айдоочулар иштен кетти. Мэриянын жаңы эрежеси мыйзамга шайкеш келеби?

2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык автобустарда жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынган. Бирок бул талапка карабастан, айрым жүргүнчүлөр жол акысын накталай төлөп, айдоочулар да аны кабыл алган учурлар катталууда. Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, жол кирени төлөө тартибин көзөмөлдөө максатында күн сайын рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жарым жылда Ысык-Көлдөн 905 кг таштанды чыгарылды

Жарым жылда Ысык-Көлдөн 905 кг таштанды чыгарылды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө боюнча суулардан 86 миң 550 метр синтетикалык тор жана 1 миң 655 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Жүргүзүлгөн 160 рейддин жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары боюнча жалпысынан 953 миң сомдон ашык доо коюлуп, 320 миң 500 сом