Айыл чарба министрлиги өсүмдүк майын жана кантты импорттоодо КНСтин нөлдүк ставкасынын мөөнөтүн узартууну сунуштоодо

Айыл чарба министрлиги өсүмдүк майын жана кантты импорттоодо КНСтин нөлдүк ставкасынын мөөнөтүн узартууну сунуштоодо

Кант өндүрүүнүн көлөмү аз болгондуктан, Айыл чарба министрлиги ак кантты жана чийки кантты импорттоого КНСтин нөлдүк ставкасын 30-сентябрга чейин жана өсүмдүк майын 31-декабрга чейин узартууну сунуштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик акыркы убактардагы аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу дүйнө боюнча кант өндүрүү төмөндөйт деп болжолдоодо.

Министрликте Экономика министрлигинин жана Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнүн катышуусунда кант кызылчасын өндүрүүчүлөрдүн, «Кайыңды-Кант» кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдун жана кант импорттоочулардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Дүйнөлүк кант базарындагы абал жана улуттук кант рыногунун дүйнөнүн негизги өндүрүүчү өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде канттын өндүрүшүнүн болгон жана күтүлүп жаткан көлөмүнө көз карандылыгы жөнүндө маселе талкууланды.

Эскерте кетсек, өсүмдүк майынын жана кум шекердин бааларын убактылуу мамлекеттик көзөмөлдөө 25-августта токтотулган болчу.  Ошондой эле 31-августта, өсүмдүк майын жана кантты импорттоодо жана сатууда КНСтин нөлдүк ставкасын белгилөө боюнча Министрлер Кабинетинин токтомунун мөөнөтү аяктаган.

Башка өлкөлөрдөн жана ЕАЭБ мамлекеттеринен ак шекерди жана чийки кантты Кыргызстандын аймагына бажы алымдарын жана КНСти төлөбөстөн импорттоого кызыккандардын бардыгын Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнө телефон аркылуу байланышууга чакырат. Тел., +996 312 62 36 44, 0557 55 75 29, 0995 75 48 75.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 100 орундуу бала бакчанын кошумча корпусу курулууда

Бишкекте 100 орундуу бала бакчанын кошумча корпусу курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Мозырская көчөсүндө жайгашкан №131 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Долбоорго ылайык, жаңы корпус 100 орунга ылайыкталган жана заманбап талаптарга жооп берген шарттарда курулууда. Имаратта тарбиялануучулар жана кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген

Чүй өрөөнүндө жер титирөө катталды

Чүй өрөөнүндө жер титирөө катталды

4–5-июлда Кыргызстанда эки жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка караганда, 4-июлда таңкы саат 05:40та 4,5 баллдык жер титирөө катталган. Анын очогу Моюнкум кумдары аймагында болуп, Кыргызстандагы калктуу конуштарда сезилген эмес. Ал эми 5-июлда саат 06:50дө 3,

Накталай жол кире акысын алган айдоочулар иштен кетти. Мэриянын жаңы эрежеси мыйзамга шайкеш келеби?

Накталай жол кире акысын алган айдоочулар иштен кетти. Мэриянын жаңы эрежеси мыйзамга шайкеш келеби?

2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык автобустарда жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынган. Бирок бул талапка карабастан, айрым жүргүнчүлөр жол акысын накталай төлөп, айдоочулар да аны кабыл алган учурлар катталууда. Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, жол кирени төлөө тартибин көзөмөлдөө максатында күн сайын рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жарым жылда Ысык-Көлдөн 905 кг таштанды чыгарылды

Жарым жылда Ысык-Көлдөн 905 кг таштанды чыгарылды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө боюнча суулардан 86 миң 550 метр синтетикалык тор жана 1 миң 655 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Жүргүзүлгөн 160 рейддин жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары боюнча жалпысынан 953 миң сомдон ашык доо коюлуп, 320 миң 500 сом