Бишкектин жаңы мэри кызматына расмий киришти

Бишкектин жаңы мэри кызматына расмий киришти

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри кызматына расмий киришти. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 3-сентябрда, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айдана Жупуева Айбек Жунушалиевге Бишкек шаарынын мэринин күбөлүгүн тапшырды.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августунда өткөн. Борбор калаанын мэри болуп Айбек Жунушалиев шайланды. Ал бул кызматка жалгыз талапкер болгон.

  • Айбек Жунушалиев 1976-жылы Чүй областында туулган. КУУнун юриспруденция багыты боюнча билим алган. Ишмердүүлүгүн да ушул университетте мугалимдик кесиптен баштаган. 2021-жылдын февраль айынан тартып өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келсе, 26-августта Бишкектин мэри кызматына келди.

Мындан тышкары окуңуз

Пакистандын президенти Кыргызстанга келет

Пакистандын президенти Кыргызстанга келет

Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 6–9-июлда Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле БУУ, ШКУ, ИКУ

Кыргызстанда 13 миңден ашуун дарыгер эмгектенет

Кыргызстанда 13 миңден ашуун дарыгер эмгектенет

2025-жылдын жыйынтыгына ылайык, өлкөдө калкка медициналык жардамды 13 миңден ашуун дарыгер жана 34 миңден ашуун орто медициналык кызматкер көрсөтүп келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде Кыргызстанда калктын саламаттыгын сактоого салым кошкон адистердин кесиптик майрамы – Медициналык кызматкерлер күнү белгиленет. Маалыматка ылайык, 2025-жылы

Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен жолукту

Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алгачкы күнү Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун ар түрдүү багыттарындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдө экономика, соода, транспорт багыттары боюнча кызматташтык маселелери каралды. Өкмөт

TAMCHY SFIT: бизнес үчүн ишеним жана эркиндик

TAMCHY SFIT: бизнес үчүн ишеним жана эркиндик

Дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр - жаңы көз карандысыз бизнес борборлорго муктаж болуп турган кезде эл аралык стандарттар, инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы эркиндик тартуулап, Кыргызстанда “Тамчы” АФИА (атайын финансылык инвестициялык аймак) ачылды. Бул аймакта эмне болот, ал эмнеси менен ишкерлер чөйрөөсүндө кызыгуу жаратат жана анын өлкөбүзгө кандай пайдасы бар экендигине