«Бишкек» ЭЭАда мыйзамсыз иштеген майнинг ферма табылды

«Түндүкэлектр» ААКсы «Бишкек» Эркин экономикалык аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг фермасынын бетин ачты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул майнинг фермасы «Түндүкэлектрдин» кызматкерлери Чүй, Талас облустарында жана борбордо рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүп жаткан мезгилде  табылган.

«4-сентябрда «Бишкек» ЭЭАнын №113 абоненти Манас проспектиси 303 дарегинде майнинг фермасынын мыйзамсыз ишин аныкташты. Кызматкерлер фактыны видеого тартып, мыйзам бузуу актысын түзүштү», – деп айтылат билдирүүдө.

«Түндүкэлектр» ААК Кыргызстанда майнинг фермаларга электр энергиясын берилген техникалык шарттардын негизинде гана колдонууга болорун эскертет. Бирок, өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгынан улам «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААК майнинг фермасын иштетүүгө уруксат берүүгө убактылуу тыюу салган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды