Индиялыктар КРдан жез, бал, кургак жемиштерди алууга кызыкдар

Индиялыктар КРдан жез, бал, кургак жемиштерди алууга кызыкдар

Бүгүн, 6-сентябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасында Индиянын Экономикалык соода уюмунун президенти Асиф Икбал баштаган делегация менен кыргызстандык жеке ишкерлердин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу аталган палатанын маалымат кызматы кабарлады.

Делегацияны Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Роман Касымов, КРнын Индиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Асеин Исаев менен биргеликте кабыл алды.

10 чакты индиялык компаниялар катышкан иш-чаранын жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги талкууланды. Анын ичинде, индиялык тарап унаа өндүрүшү үчүн жезди, кыргыз балын жана кургатылган мөмө-жемиштерди алууга кызыкдар экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын билим берүү, медицина, тоо-кен, курулуш, мейманкана бизнеси, айыл-чарба тармактары, ошондой эле, АйТи жана киноиндустрия жаатына инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу даярдыгы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгы КРнын СӨП менен индиялык делегациянын ортосунда өз ара түшүнүшүу боюнча Меморандумга кол коюлду. Кошумчаласак, тараптар эң жакынкы убакта Бишкекте В2В форматында кененирээк бизнес-форум өткөрүүгө макулдашканын СӨПтөн маалымдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына барды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу