Ишкер аялдарды колдоого арналган маркетплейстин презентациясы өтөт

Ишкер аялдарды колдоого арналган маркетплейстин презентациясы өтөт

7-сентябрда ишкер аялдар үчүн «www.Buyfromwomenkg.com» биринчи маркетплейстин презентациясы жана Европа менен Борбор Азиядагы «БУУ-Аялдары» түзүмү менен уюштурулган «Dragon Den» (бизнес-идеяларынын диалогу) – ЭКСПОнун виртуалдык уландысы иш-чарасы өткөрүлөт .

«Аялдар арасындагы  ишкердүүлүктүү өнүктүрүү фонду (She Starts)» коомдук бирикмеси Кыргызстандагы «БУУ-Аялдары» түзүмү менен биргеликте «Ишкер аялды колдоо» улуттук кампаниясынын экинчи этабы «www.Buyfromwomenkg.com» онлайн платформасы менен ишке ашырылууда деп билдиришти уюмдан.

Платформа туруктуу өнүгүүгө жетүүдө ишкер аялдардын ролун белгилөө жана COVID-19 идети жүрүп жатканда Кыргызстандагы аялдардын ишкердүүлүгүн колдоону күчөтүү үчүн түзүлгөн.

2021-жылдын 7-сентябрында БУУ-Аялдары UK Aid ишкерликти жана инновацияны өнүктүрүү программасы менен бирге PEAK жана USAID «Aгросоода»   долбоору менен биргеликте «Бизнес идеялардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн диалогу» иш-чарасын өткөрүүнү пландап жатышат, анда тандалып алынган  ишкер аялдар өздөрүнүн бизнес идеяларын инвесторлорго жана потенциалдуу өнөктөштөргө улуттук жана эл аралык деңгээлде сунуштай алышат.

Иш-чара аял ишкерлерди улуттук, эл аралык компаниялар, инвесторлор жана менторлор менен байланыштырып, бизнестерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берет.

Аталган иш-чара «Novotel» отелинде саат 9:00-15:00гө чейин өтөт. Балдары бар катышуучулар үчүн атайын балдар аянтчасы дагы каралган.

Аккредитация боюнча суроолор:

  • Айсулу Мукамбетова +996 550 04 73 43,
  • Батма Казакбаева +996 557 71 72 62.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына барды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу