10-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт – каалоочулар катышса болот

10-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт – каалоочулар катышса болот

10-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Ага экономиканын түрдүү тармактарынан 50гө жакын түрк фирмалары катышат. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган форум Sheraton Bishkek отелинде өтөт. Аны Түркиянын Инвестициялар министрлиги жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши уюштурууда.

Бизнес форумдун алкагында ата мекендик компаниялар түркиялык потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишкердик кызматташтыкты түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Иш-чарага катышууну каалаган бардык ата мекендик компаниялар министрликке төмөнкү номерлер боюнча катталса болот: 0312 30 02 32 же 0772 71 03 33 (Whatsapp).

Мындан тышкары окуңуз

TAMCHY SFIT: бизнес үчүн ишеним жана эркиндик

TAMCHY SFIT: бизнес үчүн ишеним жана эркиндик

Дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр - жаңы көз карандысыз бизнес борборлорго муктаж болуп турган кезде эл аралык стандарттар, инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы эркиндик тартуулап, Кыргызстанда “Тамчы” АФИА (атайын финансылык инвестициялык аймак) ачылды. Бул аймакта эмне болот, ал эмнеси менен ишкерлер чөйрөөсүндө кызыгуу жаратат жана анын өлкөбүзгө кандай пайдасы бар экендигине

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына барды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга