8 айда бюджетке салыктан 66 млрд сом жыйналган – баары бир кризис

8 айда бюджетке салыктан 66 млрд сом жыйналган – баары бир кризис

Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында салыктан 66 млрд 131.7 млн сом чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Ильяз Иманбетов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын берген маалыматына таянсак, план 2 млрд 985.3 млн сомго ашык аткарылган. 2020-жылга салыштырмалуу 18.1 млрд сомго, 2019-жылга салыштырмалуу 16.1 млрд сомго көп. Ал эми республикалык бюджетке – 53.5 млрд сом түшсө, жергиликтүү бюджетке – 12.5 млрд түшкөн.

Ал эми 2021-жылдын январь-июль айларында өлкөгө жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 31.1%га жогорулап, 1.1 млрд АКШ долларынын тегерегин түзгөн. Мындай маалыматты 2-сентябрда Улуттук банктын маалымат кызматы билдирген болчу.

Бирок жогорудагы көрсөткүчтөргө карабастан, 2021-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү өткөн жылдын ушундай эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1.6%га төмөндөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына барды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу