Кыргызстан казакстандыктарга чек араны ачты – КР алардан да ушундай аракетти күтөт

Кыргызстан казакстандыктарга чек араны ачты – КР алардан да ушундай аракетти күтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Венада (Австрия) өткөн спикерлердин 5-дүйнөлүк конференциясына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамытов казакстандык кесиптешине мамлекеттик чек арадан өтүүдө казакстандыктар үчүн бардык чектөөлөрдүн расмий түрдө жоюлушу тууралуу айтып, кыргызстандыктар үчүн да чектөөлөрдү паритеттик негизде алып салууну өтүндү.

Тараптар ошондой эле парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты жана ТЮРКПАнын Кеңешинин 27-28-сентябрда боло турган жыйынынын күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун аягында, Мамытов Нигматулинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип, парламенттер аралык кеңештин экинчи жыйынын бирге өткөрүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

TAMCHY SFIT: бизнес үчүн ишеним жана эркиндик

TAMCHY SFIT: бизнес үчүн ишеним жана эркиндик

Дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр - жаңы көз карандысыз бизнес борборлорго муктаж болуп турган кезде эл аралык стандарттар, инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы эркиндик тартуулап, Кыргызстанда “Тамчы” АФИА (атайын финансылык инвестициялык аймак) ачылды. Бул аймакта эмне болот, ал эмнеси менен ишкерлер чөйрөөсүндө кызыгуу жаратат жана анын өлкөбүзгө кандай пайдасы бар экендигине

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына барды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга