Кыргызстанда мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөө үчүн онлайн портал ишке кирди

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөө үчүн онлайн портал ишке кирди

«Ачык Келишим Шериктештиги (Open Contracting Partnership)» уюуму,  «Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы» менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен өлкөдөгү мамлекеттик сатып алууларга анализ жүргүзүү үчүн онлайн ачык портал куралын ишке киргизди. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы кабарлады.

Аналитикалык портал ар бир жаранга жеткиликтүү жана контракттык процесстердин ачыктыгын жогорулатуу аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын эффективдүүлүгүнө мониторингди жөнөкөйлөтөт. Мамлекеттик сатып алуулар көптөгөн өкмөттөр үчүн эң чоң чыгымдардын бири болуп саналат жана көп учурда начар башкарылып, коррупцияга алып келет.

Мисалы, европалык эксперттер Евробиримдиктин 3.5 млн сатып алууларын карап чыгып, мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтарынын ачык анализи атаандаштыкты күчөтүү жана коррупцияны азайтуу аркылуу ЕБ бюджетин 3-6 млрд еврого чейин үнөмдөөгө мүмкүн экенин аныкташкан.

2018-жылы КРнын өкмөтү мамлекеттик сатып алуулар боюнча көбүрөөк маалыматтарды жарыялоого милдеттенме алган, ал эми 2019-жылы бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде Эсептөө палатасы тиешелүү стратегияларды даярдашкан. Бирок Эсептөө палатасында мамлекеттик сатып алууларды талдоонун эффективдүү практикалык методологиясы жана инструменттери жок болчу.

Иштелип чыккан курал бул боштуктарды толтурат жана аналитиканы куруу жана аны визуалдаштыруу үчүн маалыматтарды чогултуу жана бириктирүү аркылуу мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларды жана тобокелдиктерди аныктоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, тез жана колдонууга оңой инструменттерге коомчулуктун жеткиликтүүлүгү аудиттин эффективдүү пландаштырылышына жана булак системасынан аудитордук далилдерди чогултууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда анализ куралы буга чейин ишке киргизилген жана төмөнкү шилтемелерде жеткиликтүү:

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына барды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу