Түрк компаниясы Бишкекте таштандыларды кайра иштетүү заводун курат

Түрк компаниясы Бишкекте таштандыларды кайра иштетүү заводун курат

Кечээ, 6-августта Инвестициялар министринин жана Biotrend Energy компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча үч тараптуу меморандумдун алкагында жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.  

КРнын Инвестициялар министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана түркиялык Biotrend Energy компаниясы ушул жылдын 23-августунда Бишкек шаарында бул макулдашууга кол коюшкан болчу.

Меморандумду ишке ашыруунун алкагында, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушун изилдөө үчүн жогоруда аталган компаниянын менеджерлери менен техникалык адистеринен турган чоң делегация Бишкек шаарына келди.

Жолугушууда Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун деталдуу планы, ошондой эле стадион куруу жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү талкууланды.

  • Biotrend Enerji – Doğanlar Holding компаниясынын туунду компаниясы. 2017-жылы альтернативдүү энергияны өндүрүүгө инвестициялоо миссиясын толуктоо үчүн технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу борбору болуп түзүлгөн. 2021-жылдын аягына карата Biotrend Enerji компаниясында 13 завод иш алпарат.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына барды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу