«Яндекс Такси» мамлекетке эч кандай салык төлөбөй иштейт – өкмөт мойнуна алды

«Яндекс Такси» мамлекетке эч кандай салык төлөбөй иштейт – өкмөт мойнуна алды

Депутат Акылбек Кемелов бүгүн, 7-сентябрда ЖКнын Транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин жыйынында Санариптик  өнүктүрүү министрлигинин жетекчисинин орун басарынан «Яндекс.Такси» кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу сурады.

Депутат ата мекендик такси иштеткен компанияларды кысып рынокко кирген, мобилдик тиркеме аркылуу иштеген «Яндекс.Такси» мамлекетке салык төлөй тургандыгына кызыгып, министрдин орун басарына суроо узатты.  

Министрдин орун басары болсо «Яндекс такси» эч кандай салык төлөбөй иштегендигин тастыктады.

Депутат элдин эсебинен миллион таап жаткан компания мамлекетке бир тыйын төлөбөй иштеп жатканына таң калды.

«Бул нонсенс. Алар салык төлөш керек. Алар жаңы технологиялары менен рынокко кирип, канчалаган ата мекендик компанияларды кысып салды. Буга эртерээк чара көрүш керек болчу», – деди Кемелов.

Мындан тышкары окуңуз

TAMCHY SFIT: бизнес үчүн ишеним жана эркиндик

TAMCHY SFIT: бизнес үчүн ишеним жана эркиндик

Дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр - жаңы көз карандысыз бизнес борборлорго муктаж болуп турган кезде эл аралык стандарттар, инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы эркиндик тартуулап, Кыргызстанда “Тамчы” АФИА (атайын финансылык инвестициялык аймак) ачылды. Бул аймакта эмне болот, ал эмнеси менен ишкерлер чөйрөөсүндө кызыгуу жаратат жана анын өлкөбүзгө кандай пайдасы бар экендигине

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына барды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга