2020-жылы КТРК жарнамадан дээрлик 4 млн сом киреше тапкан

2020-жылы КТРК жарнамадан дээрлик 4 млн сом киреше тапкан

2020-жылы КТРК эфир убактысы учурунда жарнамаларды жана жүгүрмө саптарды берүү  менен 2 млн 900 миң сом, ал эми контентти жайгаштыруудан 723 миң сом киреше тапкан. Мындай маалыматты бүгүн, 8-сентябрда ЖКнын жыйынында телеканалдын директору Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлер алты телеканалда, үч радиостанцияда жана корпорациянын сайтында иштешет. Телеканал жыл сайын мамлекеттик казынадан 371 млн сом каржылоо алат.

«371 млн сом бул аз деп эсептейм, анткени корпорацияга 6 телеканал кирет. Бюджетти биринчи кезекте байкоочу кеңеш андан кийин ЭФМ менен парламент аныктайт. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин КТРК 41 млн сом киреше көрдү: жарнамадан – 38 млн сом, контентти жайгаштыруудан – 723 миң сом, гранттар менен спонсорлордон болсо – 3 млн 549 миң сом пайда тапкан», – деп билдирди Бактияр Алиев.  

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA