Уставдык капиталы 16 млн долларлык Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган мыйзамдын максаты – КР менен Венгрия Өкмөттөрүнүн ортосунда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү болуп саналат.

Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы 16 млн долларды түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 млн долларга чейин көбөйтүү ниетинде. Уставдык капиталдын үлүштөрү Венгрия тарабынан камсыздалат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды