4% жана 8% менен жеңилдетилген ипотека берүү 16-сентябрда башталат – МИК

4% жана 8% менен жеңилдетилген ипотека берүү 16-сентябрда башталат – МИК

«Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында мамлекеттик жеңилдетилген ипотекаларды берүү 16-сентябрда башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) билдирди.

МИК ААКун электрондук порталында катталган бардык жарандардан арыздын толуктугун жана тууралыгын текшерүүнү суранат – https://portal.gik.kg. Инструкция шилтеме боюнча: https://clck.ru/XJryj

«Менин үйүм 2021-2026» программасынын ишке ашыруусу 2021-жылдын 16-сентябрында башталат. Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 4 багыт боюнча берилет.

1. Бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн «жеңилдетилген ипотека»:
Продукт «Даяр турак-жайды сатып алуу»:

  • пайыздык жылдык чен  – 4%
  • баштапкы төлөм  – 10% дан (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн)
  • кредиттин мөөнөтү  – 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша)
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы – 4 млн сомго чейин.

2. Продукт «Жеке турак жай куруу»:

  • курулуш мезгили үчүн жылдык 8% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 4% пайыздык чен
  • баштапкы төлөм  – 20%дан жогору
  • кредиттин мөөнөтү  – 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша)
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы  – 4 млн сомго чейин.

3. «Жеткиликтүү ипотека» жарандардын бардык категориялары үчүн (Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет):

Продукт «Даяр турак жайды сатып алуу»:

  • пайыздык жылдык чен – 8%
  • 20% өлчөмүндөгү баштапкы төлөм (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн)
  • кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша)
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 млн сомго чейин.

4. Продукт «Жеке турак жай курулушу»:

  • курулуш мезгили үчүн жылдык 12% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 8%дык чен
  • 20%дан баштапкы төлөм
  • кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша)
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 млн сомго чейин.


Эки багыт боюнча сатып алынган турак-жайларга болгон талаптар:

  • көп кабаттуу үйдөгү батирлер үчүн  – жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпоого тийиш
  • жеке турак жай имараттары үчүн  – жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш
  • турак-жайдын бир чарчы метринин баасы 60 000 сомдон ашпашы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA