Эми дыйкандардын бардык суроолоруна жооп берген онлайн жардамчысы болот – Салам, «ДыйканДос»!

Эми дыйкандардын бардык суроолоруна жооп берген онлайн жардамчысы болот – Салам, «ДыйканДос»!

Кыргызстанда дыйкандар үчүн биринчи жолу айыл-чарба боюнча бардык суроолорго жооп берген онлайн жардамчы жаратылды. Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» Фондунун маалымат кызматы билдирди.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги бардык фермерлерге айыл чарба тармагындагы ар кандай маанилүү маалыматты алууга жана чогултууга жардам бере турган «ДыйканДос» көп функциялуу онлайн Telegram ботун сунуштайт.

«ДыйканДос» негизи фермерлер бардык керектүү материалдарды тез жана оңой таба алышы үчүн, маалыматка жетүү көйгөйүн чечүү жана ошондой эле айыл чарбасынын бардык ыкмаларын чогултуу үчүн жасалган жардамчы. Долбоордун авторлору «ДыйканДос» айыл чарба тармагында бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртат деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары, дыйкандар продукциянын импорту жана экспорту боюнча материалдарга жана документтерге, гранттар боюнча маалыматка, министрликтин ведомстволук уюмдары боюнча баардык байланыш маалыматтары, даттануулар жана сунуштар жана башка көптөгөн нерселерге ээ болушат.

Виртуалдык бот ыңгайлуу санариптик аянтчада дыйкандар менен ишкерлердин Кыргызстандын айыл чарбасына тиешелүү бардык суроолоруна жооп бере алат. Санариптик бот айыл-чарба продукциясын өстүрүү боюнча кеңештерди жана маалыматтарды камтыйт жана окуу материалдарына, маалымдамаларга, видеороликтерге, айыл чарбасы боюнча адабияттарга жетүүнү камсыз кылат жана ошондой эле документтердин шаблондорун, каталогдорун жана реестрлерин камсыздайт.

Виртуалдык жардамчы айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Агросмарт» мамлекеттик ишкана тарабынан иштелип чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA