«Манас» аэропортунун акциялары бир жумада 20 сомго кымбаттады

«Манас» аэропортунун акциялары бир жумада 20 сомго кымбаттады

Кыргыз фондулук биржасынын индекси рекорддук көрсөткүчкө – 1000.68 пунктка жетти. Негизги индекстерди эсептөөгө киргизилген баалуу кагаздардын арасынан лидер эл аралык «Манас» аэропортунун акциялары болду. Бул тууралуу КФБдан билдиришти.

Акциянын баасы өткөн аптада 330 сомдон 350 сомго чейин жогорулады. КФБнын адистери муну ийгиликтүү туристтик сезон менен байланыштырышууда. Белгилүү болгондой, быйыл Кыргызстанда туристтик сезонду узартуу максатында окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдыруу чечими кабыл алынган. Бул көптөгөн кыргыз жарандарына чет өлкөдө эс алууга мүмкүнчүлүк берди, натыйжада, бул аба каттамдарынын санын көбөйттү.

Бул фактор ошондой эле «Манас» аэропортунун кирешелүүлүгүнө жана кагаздардын наркына оң таасирин тийгизди.

Өз кезегинде «Манастын» акцияларынын наркынын өсүшү – сооданын башка катышуучуларынын маанайына оң таасирин тийгизди жана жалпысынан өлкөнүн фондулук рыногунда соода ишмердүүлүгүн активдештирүүгө өбөлгө түздү дешет адистер.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA