Парламенттик шайлоого 602 млн сом сарпталат, бирок бул так эмес
Кечээ, 8-сентябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында парламенттик шайлоого канча каражат кетээрин айтты.
Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр жана божомолдор боюнча, парламенттик шайлоого 602 млн сом талап кылынат. Сумма шайлоо күнүнө жакын өзгөрүшү мүмкүн.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. 75 партия катышуу каалоосун билдиришти.