263 миң сомдук контрафакттык товарлардын бети ачылды

263 миң сомдук контрафакттык товарлардын бети ачылды

Мамлекеттик салык кызматы «Берекет» соода борборунда (Ош базары) жана Бишкек шаарынын бир катар дүкөндөрдүндө өткөн рейддин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 263 миң 959 сомдук контрафакттык тамеки жана ликер-арак ичимдиктерин тартып алышты. Бул тууралуу МСК билдирди.

Анын ичинде 122 425 сом суммасында 1 миң 339 куту тамеки (анын 68 965 сому 151 электрондук тамеки) жана 141 534 сом суммасында 676 бөтөлкө ликер арак ичимдиктери алынган.

Анын ичинен 1 188 тамеки буюмдары – акциздик маркасы жок, 151 даана электрондук тамеки – акциз салыгы төлөнгөн эмес, 363 бөтөлкө алкоголдук ичимдик – жасалма акциздик маркалар менен, 40 бөтөлкө ликер арак –  лицензиясыз болгон.

Рейддик салык контролунун бардык материалдары жана убактылуу алынган тамеки жана ликер-арак ичимдиктери КРнын мыйзамдарына ылайык, чара көрүү үчүн тийиштүү аймактык салык органдарына берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA