Энергетика министрлиги өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясынын тарифтеринин көтөрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди

Энергетика министрлиги өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясынын тарифтеринин көтөрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди

Энергетика министрлиги өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясынын жаңы сунушталган тарифтерин кайра карап чыгуу боюнча бизнес өкүлдөрүнүн өтүнүчүнө комментарий берди.

Электр энергиясына 2021-2025-жылдарга карата жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоорунда (ОМТС) энергияны көп талап кылуучу өнөр жай керектөөчүлөрүн (майнинг ишканалары, алтынды кайра иштетүүчү фабрикалар, куюучу заводдор, эритүүчү жана алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу ишканалар) өзүнчө топко бөлүп каралган.

Алар үчүн электр энергиясынын тарифин 2.0 көбөйтүүчү коэффициентти колдонуу менен, өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн 2.52 сом кВт/саат (салыктарды эске албаганда) тарифин коюу сунушталууда. Керектөөчүлөрдүн бул категориясы үчүн жалпы тариф 5.04 сом кВт/с болот (салыктарды эске албаганда).

Сунушталган 5.04 сом кВт/саат тарифи Бишкек ЖЭБинде 2020-жылга карата электр энергиясын өндүрүүнүн наркына туура келет, эгерде аны керектөөчүгө жеткирүүнү эске алганда (340.3 тыйын ЖЭБде өндүрүүнүн наркы + 27.4 тыйын + бөлүштүрүүнүн наркы 50.1 тыйын + чыгымдардын баасы 58.3 тыйын), ал эми 2020-жылга инфляциянын иш жүзүндөгү деңгээлине түзөтүүлөрдү эске алганда – ​​6.3% болот деп айтылат билдирүүдө.

Цемент продукциясын өндүргөн ишканалар үчүн көбөйтүү коэффициентинин өлчөмү 1.3 болуп, ал эми тариф кВтс үчүн 3.28 сомду (салыктарды эске албаганда) түзөт.

Анын себептеринин бири 2021-жылы 3 млрд кВт/ саатка чейин жеткен электр энергиясынын жетишсиздиги болуп эсептелет. Бул суу аз мезгилдин кийинки циклине, суу сактагычтагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнө, ошондой эле электр энергиясын керектөөнүн жыл сайын өсүшүнө байланыштуу деп айтылат түшүндүрмөдө.

Электр энергиясына болгон талапты канааттандыруу үчүн чаралар көрүлүүдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдөн (Казакстан, Өзбекстан) электр энергиясын импорттоо, Бишкек ЖЭБинде электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, бул кошумча чыгымдарды талап кылат. Энергияны көп талап кылуучу керектөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн керектүү чыгымдарды жабуу үчүн 2021-жылдан тартып электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу сунушталууда.

Министрлик бул керектөөчүлөрдүн продукцияларынын баасы жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. Бирок алар үчүн электр энергиясынын тарифи 2014-жылдан бери өзгөрүүсүз калган.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA