Быйыл дан эгиндери 35%га аз жыйналды – министр билдирди

Быйыл дан эгиндери 35%га аз жыйналды – министр билдирди

2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 35%га аз жыйналды, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз. Мындай маалыматты Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Биринчи Радиого берген маегинде айтты.

Анын берген маалыматына таянсак, быйыл 473 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Анын ичинде 250сү буудай. Дан эгиндеринин жыйналуусу 87%ды түзөт.

«Биз акыркы жылдарда өзүбүзгө жетиштүү деңгээлде азыктык буудай өндүрбөйбүз. Бул республикадагы материалдык резервдин фондусундагы азыктын көлөмү мурда 80 миң тоннанын тегереги болсо, бүгүнкү күндө республикада тендер өткөзүлүп, Россиядан сапаты жогору азыктык буудай алынып келип жатат. Болжолдуу 3 айга камсыз боло турган буудай болот», – деди министр.

Анын айтымында, өлкөдө 40 ка жакын буудай иштеткен мекеме бар, алардын ичинен 15и стабилдүү иштеп жатат. Булар менен министрлик макулдашуу түзгөн, бул жыл бою 400 миң тоннага жакын буудайды камсыз кылат дегенди билдирет. Министр Жаныбеков билдиргендей, бүгүнкү күндө ички керектөөгө зарыл болгон азык коопчулукту жаратпайт.

Эскерте кетсек, Улутстаткомдун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230.7 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.3%га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52%га аз дан бастырылды.

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы – 41.4%га, арпа – 57.9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 31.2%га, картошка – 6.3%га жана бакча өсүмдүктөрү –  3.5%га кыскарган.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA