Калк үчүн электр энергиянын тарифи жыл аягына чейин өзгөрүүсүз калат

Калк үчүн электр энергиянын тарифи жыл аягына чейин өзгөрүүсүз калат

Калк үчүн электр энергиясынын тарифи жыл аягына чейин ошол бойдон калат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбооруна ылайык, калк үчүн тарифтер кВт/саат үчүн 0.77 сом боюнча калат.

Эскерте кетсек, энергияны көп талап кылуучу керектөөчүлөрдүн (майнинг ишканалары, алтынды кайра иштетүүчү фабрикалар, куюучу заводдор, эритүүчү жана алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу ишканалар) айрым категориялары үчүн керектүү чыгымдарды жабуу үчүн 2021-жылдан тартып электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу сунушталууда.

«Баанын көтөрүлүшү өнөр-жай ишканаларына гана таасирин тийгизет», – деп билдирди министрлик.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Май майрамдарынын күндөрүндө Бишкек шаарынын ИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өкүлдөрү шаар тургундары көп эс алган жайларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышууда. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, күн жылышы менен борбор калаанын тургундары жаратылышта көбүрөөк убакыт өткөрүп, парктарга, жашыл аймактарга жана суу жээктерине барып эс алышууда.

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

2026-жылдын 1-майынан баштап, Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас (ички авиа каттамдарында авиабилеттердин баасын координациялоо системасы киргизилет. Мындай чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун ички авиакомпаниялар Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU ортосунда өткөн жолугушуунун натыйжасында кабыл алынган. “Кыргызстандын аэропорттору" ААКнун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

Облустук деңгээлдеги жетекчилер үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында билдирди. Маалыматка ылайык, анын Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жети районунун тургундары менен жолугушуп жатып, эл көтөргөн маселелердин 80 % райондук, облустук деңгээлде чечиле турган

2026-жылдын I кварталында Депозиттерди коргоо фонду өсүшүн улантты

2026-жылдын I кварталында Депозиттерди коргоо фонду өсүшүн улантты

Финансылык туруктуулук ишенимден жана бекем кепилдиктерден башталат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 10,4 млрд сомго жетип, болгону үч ай ичинде 7,2 пайызга көбөйдү. КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы ай сайын көбөйүп жаткандыгын КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен кабарлашты.