Казакстанга суу 1983-жылдагы келишим боюнча берилип келет – суу тартыштыгы

Казакстанга суу 1983-жылдагы келишим боюнча берилип келет – суу тартыштыгы

Казакстанга суу 1983-жылдагы келишим боюнча берилип келет. Азыркы базар экономикасында бул туура эмес. Мындай пикирин ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, Казакстанга суу 1983-жылдагы келишим боюнча берилип келет. «Коңшуларга мурдагы беребиз деген көлөмдү бере албайбыз деп айтыш керек болчу. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 1983-жылдагы келишим менен берип келебиз деди. Эгемендүү болгондон кийин эки өлкө ортосунда келишим түзүлө элек, биз Союз убагындагы келишимди аткарбашыбыз керек. Сууну сатууну базар экономикасына алып чыгышыбыз керек. Быйыл баарыбыз көргөндөй, дыйкандардын нааразычылыгы пайда болду. Суунун жетишсиздигинен буудай комбайнга илешпей калды. Мыйзамда суу товар деп жазылган, бирок ошону товар катары сатууга саясий эрк керек», – деди депутат.

Ал билдиргендей, быйылкыдай суу тартыштыгы болгон эмес. Киров жана Орто – Токой суу сактагычтарындагы суулардын көлөмү август айында, же сугат маалы аяктай электе эле төмөнкү чекке түшүп кеткен. Эң биринчи жергиликтүү калктын муктаждыгын жаап, анан андан ашса гана экспорт маселесин ойлонуу керек. Ошондой эле депутат кургакчылыкка чыдамдуу үрөндөрдү алып келиш керектигин, суугаруунун жаңы ыкмаларына өтүү зарылдыгын белгилеп кетти.  

Эскерте кетсек, 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 35%га аз жыйналды, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз. Мындай маалыматты Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Биринчи Радиого берген маегинде айтты. Анын берген маалыматына таянсак, быйыл 473 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген.

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы – 41.4%га, арпа – 57.9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 31.2%га, картошка – 6.3%га жана бакча өсүмдүктөрү –  3.5%га кыскарган.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA