Эксперт: Бир министр же бир президент 25 жыл ичинде кендин иштешин 1 күн токтоттубу? – «Кумтөр» иши

Эксперт: Бир министр же бир президент 25 жыл ичинде кендин иштешин 1 күн токтоттубу? – «Кумтөр» иши

Экономика боюнча эксперт Азамат Акенеев «Кумтөр» иши боюнча мурдагы экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кармалышы боюнча өзүнүн фейсбук барагында жазды.

«Мен Жоомарт Кайыповичтин камакка алынганына, эмнеге айыпталып жатканына да таң калдым. Ал премьер-министр кезинде Кумтөрдүн иштешине уруксат бергени үчүнбү? Бир министр же президент 25 жыл ичинде кендин иштешин 1 күн токтоттубу? Ал жакта баары бир мөңгү бузулуп жатат, муздун алдындагы алтынды башкача жол менен алуу мүмкүн эмес», – дейт ал.

Ошондой эле анын пикиринде Кумтөр мурдагыдай эле үзгүлтүксүз иштеп жатат жана мөңгүлөр дале бузулууда.

«Азыр деле, Кумтөр 4 айдан бери биздин башкаруу алдында иштеп жатат, ал жерде бир дагы канадалык жок, алтынды казып алуу мурдагыдай эле иштөөдө. Ошондой эле мөңгүлөр бузулуп жатат. Алтынды казып алуу үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Тергөөчүлөрдүн логикасына таянсак, Кумтөрдүн азыркы жетекчилигинин баары жана азыркы бийлик өкүлдөрү бул үчүн камалышы керекпи? Абсурд. Жоомарт Каиповичке бул караңгы күндөр тезирээк өтүп кетишин каалайм», – деп жазат ал.  

Эскерте кетсек, УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантып, 16-сентябрда Жоомарт Оторбаевди кармаган болчу.

«Кумтөр» иши боюнча кимдер кармалып, кимдер суракка чакырылганын бул жерден окусаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA