Кытай Кыргызстанга 100 млн долларлык колдоо көрсөтүүгө даяр

Кытай өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоого Кыргызстанга 650 млн юань (100 млн долларга жакын) бөлүүгө даяр. Бул тууралуу, 16-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ван И КЭР өкмөтү коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 млн доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды