«Кыргыз темир жолу» 2022-жылдын аягына чейин 100 жүк вагонун сатып алат

«Кыргыз темир жолу» 2022-жылдын аягына чейин 100 жүк вагонун сатып алат

«Кыргыз темир жолу» 2022-жылдын аягына чейин 100 жүк вагонун сатып алууну көздөөдө жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен 20 км рельс сатып алуу боюнча тендердик процедураларды өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

 50 жүк ташуучу вагон 2021-жылдын аягына чейин, калган 50 жүк вагону 2022-жылдын экинчи кварталында сатылып алынат.

Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» УК мамлекеттик ишканасы Кытайдын «Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу» ЖЧКсы кызматташуу жөнүндө Меморандумуна кол коюшту.

Бул документ «Кыргыз темир жолунун» стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу жана Турксиб – Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Жакын арада аталган кытайлык компаниянын өкүлчүлүгүнүн делегациясы КРга келип, жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу жүргүзүшү күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA