Патент менен иштеген ишкерлерге жалпысынан 30 млн доллар бөлүнөт – Экономика министрлиги

Патент менен иштеген ишкерлерге жалпысынан 30 млн доллар бөлүнөт – Экономика министрлиги

Патент менен иштеген майда ишкерлер үчүн жалпысынан 30 млн доллар, ал эми салык төлөп келген чакан, орто ишканаларга, юридикалык жана жеке тараптарга 42 млн доллар бөлүнөт жана ар бир ишкер 825 миң сомго чейин ала алат. Бул жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоорунун алкагында ишке ашат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, аталган программа Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

«Долбоордун максаты – майда, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү. Анын алкагында 72 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз каражат берилет. Бул болжол менен 6 млрд 84 млн сом», – деди министрдин орун басары.

Министрлик каражат пайызсыз негизде берилгени менен ал сумманы кайтаруу шарты бар экенин белгиледи. Башкача айтканда, үстөк пайыз кошулбай, негизги сумманы гана кайтарат.

Бул иштерди аткаруу үчүн төмөнкү банктар менен келишим түзүлгөн:

  • «Айыл банк»
  • «Азия банкы»
  • «ФинансКредитБанк»
  • «Кыргызстан коммерциялык банкы»
  • «Борбордук Азиялык Капитал банкы».

Калктын финансылык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана долбоорго катышкан банктардын санын көбөйтүү максатында 1-октябрда төмөнкү банктар менен да келишим түзүлгөн:

  • «Халык Банк Кыргызстан»
  • «Керемет банк»
  • «Дос-Кредобанк».

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA