Бизнести колдоого ишкерлерге 72 млн доллар бөлүндү – Аны кайдан жана кантип алса болот?

Бизнести колдоого ишкерлерге 72 млн доллар бөлүндү – Аны кайдан жана кантип алса болот?

Кыргызстанда микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору башталды. Донорлор пайызсыз кайтарымдуу каржылык жардам үчүн 72 млн доллар (6 млрд сомдон ашык) бөлдү.

Долбоордун максаты – майда, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү. Анын алкагында 72 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз каражат берилет. Бул болжол менен 6 млрд 84 млн сом.

Майда ишкерлерге жалпысынан 30 млн доллар, тагыраак айтканда, ар бирине – 100 миң сомдон, чакан жана орто ишканаларга – 42 млн доллар –  ар бирине 150 миңден 825 миң сомго чейин берилет. Кайтаруу мөөнөтү 18 ай.

Учурда бизнести каржылоо үчүн алгачкы 125 млн сом үч банкка которулду. Economist.kg мурда кабарлагандай, ишкерлер кайра кайтарымсыз пайыздык колдоо алуу үчүн  «ФинансКредитБанк», «Айыл Банк» жана «Коммерциялык банк Кыргызстан» банктарына кайрылса болот.

Финансылык колдоону кимдер ала алышат?

Каржылык жардамды эки категориядагылар алса болот. 2018-жылдын 1-июлунан 2019-жылдын 31-декабрына чейин кеминде бир жыл иштеген микро-ишкерлер, чакан жана орто бизнес менен алектенгендер. Айыл чарбасы каржыланбайт.

1.  Бул ыктыярдуу патенттин же жеке ишкердин каттоосунун күбөлүгүнүн негизинде иштеген жеке ишкерлер, жылдык кирешеси КНС боюнча каттоо чегинен 8 млн сомдон ашпагандар. Салык режими – ыктыярдуу патент, милдеттүү патент, бирдиктүү салык.

2. Жылдык кирешеси 8 млн сомдон 30 млн сомго чейин өзгөргөн ыктыярдуу патенттин же жеке ишкердин каттоо күбөлүгүнүн негизинде бир жылдан кем эмес иштеген юридикалык жактар, жеке ишкерлер. Салык режими – жалпы салык режими

Мында отчеттуулуктун жөнөкөйлөтүлгөн талаптары боюнча иштеген чакан ишкерлер бир жылдык активдүү ишин далилдеши керек.

Чакан жана орто бухгалтердик эсепти жүргүзгөн жана кирешелерин декларациялаган, кирешелүү же чыгашалуу эмес ишмердүүлүгүн, ошондой эле салык жана камсыздандыруу взнос карызынын жоктугун тастыкташы керек (2019-жылдын 31-декабрына карата).

Каражатты төмөнкүлөргө алса болот:
  • эмгек акы чыгымдары
  • жеткирүүчүлөрдүн эсеп-фактуралары
  • ижара чыгымдары
  • коммуналдык чыгымдар (анын ичинде интернет)

Талаптар, ошондой эле керектүү документтердин тизмеси финансылык жардам көрсөткөн банктан көз каранды. Дагы көбүрөөк маалымат алуу үчүн бул банктарга кайрылсаңыз болот: «ФинансКредитБанк», «Айыл Банк»«Коммерческий банк Кыргызстан».

Долбоордун алкагында дагы беш коммерциялык банк менен келишимге кол коюлган, анын ичинде «Азия Банкы», «Капитал-Банк Центральной Азии», «Халык Банк Кыргызстан», «Дос-Кредобанк» жана «Керемет Банк» бар.

Экономика министрлиги каражат пайызсыз негизде берилгени менен ал сумманы кайтаруу шарты бар экенин эскертет. Башкача айтканда, үстөк пайыз кошулбай, негизги сумманы гана кайтарат.

Бул программа Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA