Россия КРга кошумча КММ берүүгө макул болду

Кыргызстан Россия менен бажы алымдарысыз күйүүчү майдын кошумча көлөмүн алууга макулдашты. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Канат Эшатов бүгүн 24.kg маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айынын башында республикада КММсыз калуу коркунучу бар болчу. Бирок Экономика менен Энергетика министрлиги бул маселени чечүүгө тез кам көргөн.

«Биз бензиндин индикативдик балансын 650 миң тоннага чейин жана дизель майынын көлөмүн 550 миң тоннага чейин жогорулатууга жетиштик. Бул көлөмдөр бизге жылдын аягына чейин жетиштүү болот. Эми көп тынчсызданбай койсок болот», – деди Канат Эшатов.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды