Баткен окуяларында жабыркаган ишкерлер бир катар салыктардан бошотулду

Баткен окуяларында жабыркаган ишкерлер бир катар салыктардан бошотулду

Министрлер Кабинети Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларда жабыркаган салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечимге ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрга чейинки мөөнөттө Баткен облусундагы окуялардын кесепетинен жабыркаган ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөр (кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканалардан, мунай продуктуларын сатуучу субъектилерден тышкары) төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулду:

  • киреше салыгы
  • пайда салыгы
  • кошумча нарк салыгы (импортко карата кошумча нарк салыгынан тышкары)
  • сатуу салыгы
  • милдеттүү патенттин негизиндеги салык
  • ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык
  • бирдиктүү салык.

Көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр ал жеткис күчтүн жагдайларынын кесепетинен 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки мезгилде пайда болгон салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын суммасы боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызды салык органына берүүгө укуктуу. 

  • 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки отчеттук мезгилде салык калдыгынын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөө үчүн туум көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулбайт. 

Салык калдыгынын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөө үчүн туумду төлөөдөн бошотуу тууралуу ченемдер 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын кесепетинен жабыркаган калктуу конуштардын аймагынан тышкары жайгашкан алардын филиалдарына жана башка түзүмдүк бөлүктөрүнө жайылтылбайт.

Жергиликтүү кеңештерге Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөрдү жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнунда ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси жасалды. Экинчи этап 2026-жылдын 27-

Балыкчы – Жалал-Абад жолу  ачылды

Балыкчы – Жалал-Абад жолу ачылды

4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине  сел түшүп, жол убактылуу жабылган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жеринде министрликтин Жол экспулатациялоо мекемеси  тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жол учурда бир тараптуу ачылды.  Транспорт жана