Эгерде бийлик банктарды алдыңкы технологиялар менен көргүсү келсе, анда алардын байланган колун чечиш керек, – Ишенбаев

Эгерде бийлик банктарды алдыңкы технологиялар менен көргүсү келсе, анда алардын байланган колун чечиш керек, – Ишенбаев

Эгерде бийлик банктарды алдыңкы технологиялар менен көргүсү келсе, анда банктардын байланган колун чечиш керек. Бул тууралуу «Бай Түшүм» банкынын төрагасы Максатбек Ишенбаев  Economist.kg басылмасына берген маегинде айтты.

– Учурдагы бийликтин банктарга болгон ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?

– Банктар өтө эле жөнгө салынган, эгер өкмөт менен Улуттук банк прогрессивдүү банктарды алдыңкы технологиялар менен көргүсү келсе, анда биздин байланган колубузду чечиш керек. Биз бир нерсе кылгыбыз келет, бирок кыла албайбыз. Мисалы, Улуттук банк банктарга өздөрүнүн экосистемасын түзүүгө уруксат бербейт, бизге банк иштери менен гана алектенишибиз керек деп айтышат. Бирок дүйнө ушунчалык тездик менен өзгөрүп жатат жана биз кызыктуу жерлерге кирип, ал жакка инвестиция салышыбыз керек.

«Бай Түшүм» коммерциялык банктардын ичинен биринчи болуп, өзүнүн маркетплэйсин ачкан, бирок биз андан акча табууга акыбыз жок. Бул биздин кардарлар үчүн насыя ала турган платформа болуп саналат. Бирок, эгерде адам продукцияны насыясыз сатып алса, анда биз комиссиялык киреше таба албайбыз. Эгер бул бизге пайда алып келбесин билсек, анда бул багытта иштөө биз үчүн приоритеттүү болбой калат. Балким, биз кыргыздын «Алибабасы» болуп калмакпыз. Казактарда KASPI Банк бар, анда тур пакеттерди, билеттерди, сулуулук салондорунун кызматтарын сатып алса болот.

– Айтсаңыз, «Бай Түшүмдө» жумуш кандай уюштурулган?

– Мен эркиндикти жактырам, биздин банкта эч ким костюм кийбейт, биз ким келгенин жана кеткенин эсепке албайбыз, мен «бирюза» уюмун курууга аракет кылып жатам.

Бала чагымдан бери эркиндикти жактадым. Мен жөн гана дедлайнды белгилейм да андан ары тийбейм. Бала кезимде атам экөөбүз огород казганыбызда ал ары-бери басып эле менин кылгандарымды көзөмөлдөй берчү. Мага болсо тапшырманы берип койсо, андан ары өзүм аткарган жакчу.

Мен кызматкерлерге өз ишин кантип жасоону айтсам, баары эпсиз түрдө жасалат деп ойлойм. Алар процесске кире алышпайт, анткени бул алардын идеялары жана каалоолору эмес, менин жөн эле тапшырмам болуп калат.

Бирок көптөр жөн гана буйрутма алып, аны аткаргысы келгенин байкайм. Балким, бул биздин тарбиябыз же советтик мезгилден калган нерсе, бирок баары эле жоопкерчиликти алууга даяр эмес экен, мен ушул нерсени жок кыла албай келем. Менимче, адамдардын болжол менен 30-40%ы тез өзгөрүүгө жана жаңы реалдуулуктарга көнүүгө даяр. Калгандары көрсөтмөлөргө, жоболорго, буйруктарга муктаж.

Эгерде биз эски ыкмаларды кармана турган болсок, акыры бүт дүйнөдөн артта калышыбыз мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнунда ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси жасалды. Экинчи этап 2026-жылдын 27-

Балыкчы – Жалал-Абад жолу  ачылды

Балыкчы – Жалал-Абад жолу ачылды

4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине  сел түшүп, жол убактылуу жабылган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жеринде министрликтин Жол экспулатациялоо мекемеси  тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жол учурда бир тараптуу ачылды.  Транспорт жана