Кыргызстан менен Түркия өнөр жай жана технология жаатында кызматташууга макулдашты

Кыргызстан менен Түркия өнөр жай жана технология жаатында кызматташууга макулдашты

Түркия менен Кыргызстан өнөр жай жана технология жаатында эл аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу ТРТ кыргыз кызматы билдирди.

Келишимге Түркия Республикасынын өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жана КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин башчысы Доскул Бекмурзаев кол коюшту.

Меморандум Анкарада (Түркия) өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынды. Жолугушууда өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстанда индустриалдык аймакты түзүү маселелери талкууланды.

Бекмурзаев белгилегендей, документ кызматташуу алакасын жаңы баскычка көтөрөт. «Кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн рахмат. Бүгүн биз соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого негиз боло турган документке кол койдук. Бул өз кезегинде эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө гана эмес, өнөр жай тармагында тажрыйба алмашууга шарт түзөт», деди ал.

Түркиянын өнөр жай жана технология министри эки тараптуу соода көлөмүн көбөйтүү үчүн маанилүү кадам ташталганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнунда ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси жасалды. Экинчи этап 2026-жылдын 27-

Балыкчы – Жалал-Абад жолу  ачылды

Балыкчы – Жалал-Абад жолу ачылды

4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине  сел түшүп, жол убактылуу жабылган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жеринде министрликтин Жол экспулатациялоо мекемеси  тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жол учурда бир тараптуу ачылды.  Транспорт жана