Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн КРга 18 млрд киловатт-саат электр энергиясы керек

Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн КРга 18 млрд киловатт-саат электр энергиясы керек

Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн Кыргызстан электр энергия өндүрүшүн 18 млрд киловатт-саатка чейин көбөйтүшү керек. Бул тууралуу Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров «Коомдук диалог: Жаңы экономикалык саясат» конференциясында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө энергетика тармагы ата мекендик экономиканын эң көйгөйлүү багыттарынын бири болуп саналат. 30% критикалык эскирүү болсо, энергетика секторунда бул көрсөткүч 80%ды түзөт. Бишкек ТЭЦинде жабдуулар болсо 60%га эскирген.

«Жыл сайын республикада электр энергиясын колдонуу 4-6%га өсүүдө. Бүгүнкү күндө электр энергиясына болгон тартыштык жана суроо-талап дээрлик 6 млрд киловатт-саатты түзөт. Электр энергиясын жаратууга дагы бизге кайра энергия булактары керек. КРда күндүн потенциалы 490 млн киловатт-саат, ал эми шамалдын потенциалы 44.6 млн киловатт-саат. Суунун потенциалын колдонуу жана жаңы технологияларды киргизүү гана биздин азык-түлүк туруктуулугубузду, керектөөбүздү камсыздайт», – деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнунда ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси жасалды. Экинчи этап 2026-жылдын 27-

Балыкчы – Жалал-Абад жолу  ачылды

Балыкчы – Жалал-Абад жолу ачылды

4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине  сел түшүп, жол убактылуу жабылган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жеринде министрликтин Жол экспулатациялоо мекемеси  тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жол учурда бир тараптуу ачылды.  Транспорт жана

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү