Министрлер кабинетинин курамы өзгөрүшү мүмкүн – төрагалыкка Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралууда

Министрлер кабинетинин курамы өзгөрүшү мүмкүн – төрагалыкка Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралууда

Министрлер кабинетинин курамы өзгөрүшү мүмкүн. Азаттык өздүк булактарынын берген маалыматына таянып, министрлер кабинетинин төрагалыгына учурдагы Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралып жаткандыгын жазып чыкты.

Министрлер кабинетинин курамында башка өзгөрүүлөр да болушу мүмкүн, алар расмий түрдө 12-октябрда жарыяланат. УКМКнын азыркы башчысы Камчыбек Ташиев учурдагы кызматын сактап калуу менен бирге коопсуздук маселелерин тейлеген вице-премьер-министр болуп дайындалышы мүмкүн.

Азаттыктан билдиргендей, президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган жок, бирок четке да каккан эмес.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 5-майында президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койгондон кийин, өкмөт министрлер кабинетине өзгөртүлүп, министрлер кабинетинин жаңы курамы жана структурасы бекитилген.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнунда ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси жасалды. Экинчи этап 2026-жылдын 27-

Балыкчы – Жалал-Абад жолу  ачылды

Балыкчы – Жалал-Абад жолу ачылды

4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине  сел түшүп, жол убактылуу жабылган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жеринде министрликтин Жол экспулатациялоо мекемеси  тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жол учурда бир тараптуу ачылды.  Транспорт жана

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү