Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12.6 млн доллар карызын кечет

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12.6 млн доллар карызын кечет

Кыргызстандын Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) карызы 12.6 млн долларга кыскарат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) Аткаруу Кеңеши 2021-жылдын 6-октябрында аз камсыз болгон 24 мамлекетке, анын ичинде Кыргыз Республикасына, Табигый кырсыктардан сактоо жана жардам көрсөтүү фондунун (CCRT) алкагында карыздарды кечүү боюнча чечимди жактырды.

«Бул карыздын жеңилдетилиши саламаттыкты сактоо секторуна каражат бөлүү үчүн финансылык ресурстарды бошотууга жана COVID-19 пандемиясынын таасирин азайтуу үчүн экономикалык колдоо көрсөтүүгө жардам берет», – деп билдирди Экономика министрлиги.

Буга чейин Кыргызстанда Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкы менен карызды тейлөөнү кийинкиге калтыруу боюнча келишимди талкуулоо тууралуу да айтылган. 51.1 млн долларды 6%га жылдык 2% үстөк менен төлөөнү кийинкиге калтыруу сунушталууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы + ички) жылдын ортосунда 4 млрд 921 млн долларды (416 млрд 630 млн сом) түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнунда ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси жасалды. Экинчи этап 2026-жылдын 27-

Балыкчы – Жалал-Абад жолу  ачылды

Балыкчы – Жалал-Абад жолу ачылды

4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине  сел түшүп, жол убактылуу жабылган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жеринде министрликтин Жол экспулатациялоо мекемеси  тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жол учурда бир тараптуу ачылды.  Транспорт жана

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү