«КРнын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол коюлду – ал кандай иштейт?

«КРнын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол коюлду – ал кандай иштейт?

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында кабыл алынган «КРнын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам аткаруу бийлик органдарынын системасын аныктайт жана КРнын Министрлер Кабинетинин ишин калыптандыруу жана уюштуруу тартибин, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин жана ошондой эле кепилдиктерин жөнгө салат.

Мыйзамда Министрлер Кабинетинин курамын түзүү, анын мүчөлөрүн бош кызмат орундарына дайындоо жол-жобосу көрсөтүлгөн.

  • Эскерте кетсек, бүгүн, 12-октябрда Министрлер кабинетинин курамы өзгөрүшү мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагалыгына учурдагы Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралууда жана УКМКнын азыркы башчысы Камчыбек Ташиев учурдагы кызмат ордунда эле коопсуздук маселелерин тейлеген вице-премьер-министр болуп дайындалышы мүмкүн экендиги божомолдонууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөсү, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер үчүн төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:

  • жогорку билимдүү
  • ошондой эле мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда же 10 жылдан кем эмес тиешелүү тармактарда тажрыйбасы болушу зарыл
  • КРнын жараны болуп, башка мамлекеттин жарандыгы жок жана соттолбогон болушу керек.
Чектөөлөр жана жумуштан кетүү тартиптери
  • КРнын Конституциясынын 89-беренесин ишке ашыруу алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошол эле учурда Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болору мыйзам менен аныкталат.
  • Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери үчүн бир катар чектөөлөр белгиленген. Тактап айтканда, дайындалган жооптуу кызматкерлер ишкердик менен алектенүүгө, референдум учурунда (шайлоо кампанияларында) административдик ресурстарды колдонууга ж.б. укугу жок.
  • Мындан сырткары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү кызматына киришип жатып жеке (өз) кызыкчылыктары тууралуу декларациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасына берүүгө тийиш.
  • Министрлер Кабинетинин мүчөсү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.
  • Президент өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин Төрагасын же Министрлер Кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ.

Министрлер Кабинетинин мүчөсү кызматынан бошотулушу мүмкүн болгон негиздер да каралган

Бир эле учурда, мыйзам менен Министрлер Кабинетинин, анын ичинде жогорку коллегиалдуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле бардыгы биригип аткаруу бийлик органдарынын системасын түзгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын укуктары аныкталат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзамдарды демилгелөө укугуна ээ болгондуктан, Министрлер Кабинети ченем жаратуучу орган болгондуктан, мыйзамда Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусун аныктоочу укуктук ченемдер каралган.

Бул конституциялык мыйзам бүгүнтөн баштап күчүнө кирет, андан кийин Мамлекет башчысы тарабынан Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы аныкталып, талапкерлер макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.

Белгилей кетсек, акыркы айларда аталган конституциялык мыйзамдын тегерегинде талкуулар жүргүзүлдү. Ага кол коюлгандан кийин, 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган өлкөнүн жаңы Конституциясына ылайык, Министрлер Кабинети толугу менен иштеп баштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнунда ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси жасалды. Экинчи этап 2026-жылдын 27-

Балыкчы – Жалал-Абад жолу  ачылды

Балыкчы – Жалал-Абад жолу ачылды

4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине  сел түшүп, жол убактылуу жабылган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жеринде министрликтин Жол экспулатациялоо мекемеси  тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жол учурда бир тараптуу ачылды.  Транспорт жана

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү