Кыргызстандын IT адистеринин кызматтарын эң көп АКШ колдонот

Кыргызстандын  IT адистеринин кызматтарын эң көп АКШ колдонот

Кыргызстандын IT адистеринин кызматтарын эң көп АКШ колдонот. Бул тууралуу  Economist.kg басылмасына Жогорку Технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров билдирди.

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын IT тармагынын кызматтарынын 35%ын колдонот, андан кийин Казакстан, Россия, Улуу Британия, Япония жана башка өлкөлөр турат.

«ЖТП жөнүндөгү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган, анда биз 13 компаниядан баштаганбыз, азыр ЖТПнын резиденттеринин саны 114кө жетти. Акча жүгүртүү 13 млн сомдон 1 млрд 200 млн сомго чейин өстү. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча биздин компаниялар буга чейин дээрлик 1 млрд киреше алышкан. Бул жылдын максаты 2 млрд сомго жетүү», – деген Чубак Темиров.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы 2021-жылдын экинчи кварталы боюнча берген отчетуна ылайык, ушул жылдын II кварталында ЖТПнын кирешеси дээрлик 5.3 млн долларды түзгөн, бул 2020-жылдын экинчи кварталына караганда 80%га көп. 2021-жылга карата киреше – 9.5 млн долларга жетти.

ЖТП бул кварталда мамлекетке дээрлик 88 миң доллар салык төккөн.

Мындан тышкары окуңуз

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнунда ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси жасалды. Экинчи этап 2026-жылдын 27-

Балыкчы – Жалал-Абад жолу  ачылды

Балыкчы – Жалал-Абад жолу ачылды

4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине  сел түшүп, жол убактылуу жабылган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жеринде министрликтин Жол экспулатациялоо мекемеси  тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жол учурда бир тараптуу ачылды.  Транспорт жана

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана