Министр-бизнесмен – Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кандай бизнестерге ээлик кылат?

Министр-бизнесмен – Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кандай бизнестерге ээлик кылат?

Саламаттыкты сактоо министри ээлик кылган «Беймарал» микрокредиттик компания лицензиясыз иш алпарат. Мындан тышкары, министрдин жеке менчик мектеби, Ысык-Көлдө 15 гектар жери, 75 котеджи жана башка бизнестери бар. Бул тууралуу Factcheck.kg. басылмасынын иликтөөсүндө айтылат.

Басылманын берген маалыматына таянсак, Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри кызматына келгенден алты ай өткөндөн кийин, «Чечей» коомдук бирикмесинин негиздеген жана ал «Джал», 29. кичи районунда катталган.

Министрдин «Беймарал» микрокредиттик компаниясы ушул эле даректе жайгашкан. Ал 2012 -жылы негизделген. Ишкана 2015-жылга чейин 71 миң сом салык төлөгөн. Улуттук банктын маалыматы боюнча, анын лицензиясы жок.

Алымкадыр Бейшеналиев дагы «Арча Бешик» мектеп комплексинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2018-жылы катталган. Мекемеде 400 бала тарбияланат. Жылдык окуу акысы 27 миң сомду түзөт.

  • «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматчыга уюштуруучулук жөндөмүнө карабастан, жеке ишкердик иш менен алектенүүгө, чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга тыюу салынат.

Бейшаналиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы болуп дайындалгандан кийин, анын жубайы Замира Кулматова Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Париж КО» ЖЧКсынын негиздеген. Бул компания Ысык-Көлдөгү коттедждерди сатуу жана ижарага алуу менен алектенет. Аймактын жалпы аянты 15 гектар, 75 коттедж, 88 батир, 10 ысык булак, көлмөнүн 7 гектарын ээлейт, ошондой эле эки пляж бар.

Чиновниктин уулунун аты Мар. Ал Алымкадыр Бейшеналиевдин фирмасы менен бир даректе жайгашкан «Драйв» ЖЧКсынын башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнунда ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси жасалды. Экинчи этап 2026-жылдын 27-

Балыкчы – Жалал-Абад жолу  ачылды

Балыкчы – Жалал-Абад жолу ачылды

4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине  сел түшүп, жол убактылуу жабылган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жеринде министрликтин Жол экспулатациялоо мекемеси  тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жол учурда бир тараптуу ачылды.  Транспорт жана

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү